Сот «Кумтөрдү» дагы 2,1 млрд сом төлөөгө милдеттендирди

Бишкектин Октябрь райондук соту 14-майда «Кумтөр Голд Компани» ишканасын дагы 2,1 млрд сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул компаниянын камсыздандыруу салымдары боюнча карыздарынын суммасы. Алтын өндүрүүчү компанияга карата доо арызды Салык кызматынын Бишкек жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы берген. Мындан тышкары, сот «Кумтөрдөн» мамлекеттин пайдасына 2 млдр 10,5 млн сом өлчөмүндө мамлекеттик алым өндүрүлгөнүн билдирди. Төлөмдүн жалпы суммасы 2 млрд 116,2 млн сомду түзгөн.

«Тараптар аталган чечимди 30 күндүн ичинде аппеляциялык инстанциядагы сотто даттана алышат», — деп кошумчалашты соттон.

Мөнгүлөргө байланыштуу «Кумтөргө» каршы сот жана мамкомиссиянын чечими

Үстүбүздөгү жылдын 7-майында Октябрь райондук соту мамлекеттин пайдасына «Кумтор Голд Компани» ишканасынан 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүүнү чечкен.

Анда төрт жаран Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылган. Сотко доо арыз менен кайрылган доогерлердин экөөсү адамды барымтага алуу иши боюнча айыпталуучу катары өтүшкөн — бул иште президент Садыр Жапаров дагы фигурант болгон.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия алтын казуучу компаниядан 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алуу керектигин билдирген. Бул сумманын ичинде буга чейин Октябрь райсоту экологиялык бузуулар жана мамлекеттик пошлина үчүн төлөөгө милдеттендирген дагы каражаттар бар.

Ошондой эле депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров «Кумтөргө» сырттан башкаруу киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду

«Кумтөр» мамлекетке 262 млд сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилди

Ишканаларды сырттан башкарууга жол ачкан мыйзам долбооруна Кумтөрдүн кандай тиешеси бар?

«Кумтөрдүн» суракка чакырылган жетекчилери Кыргызстандан чыгып кетти