Сырдуу рейс жана куралдануу. Чек ара жаңжалынын табышмактуу жагдайлары — Temirov Live

Temirov Live ютуб-каналынын журналисттери 5-июнда апрелдин аягында башталган кыргыз-тажик чек-ара жаңжалы боюнча иликтөө жарыялады. Анда 36 кыргызстандык каза болуп, дагы 154 адам жабыркаган.

Журналисттердин маалыматы боюнча, окту биринчи тажик тарап чыгарган. Алар Asia Plus басылмасынын видеолорун көрүп чыгышкан. Видеодо тажик аскерлери менен жергиликтүү тургундар октон качып баратканын, ал эми колдорунда гранатомёттор, аңчыдык куралдары, ал тургай рогаткалар да болгонун көрүшкөн.

«Бул адамдар Головной суу бөлүштүрүү каналына достук менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн келишкен эмес. Сүйлөшүүгө келген аскер формачан адам РПГ* менен болчу — бул дагы көрсөткүч», — деп билдирет Болот Темиров.

*РПГ — танкка каршы колдонулчу кол гранатомёту.

Өрттөр

Temirov Live менен Bellingcat менен биргеликте чек ара аймагында кыргыз-тажик чыры күчөп турганда ири өрт чыккан учурларды NASA спутниктеринин жардамы менен изилдеп чыккан.

«Өрт жапырт башталганын алар 29-апрелден тартып кечки саат 9дар чамасында каттай башташкан. Координаттар боюнча бул чек арага жакын Максат айылында болгонун аныктай алдык», — дейт журналист Арген Камалдинов.

Алардын маалыматына караганда, Максат айылындагы мектепте, чек ара заставасында чоң өрт чыккан, ошондой эле Арка айылында май куюучу жай, үйлөр жана дүкөндөрдү өрт чалган. Көк-Терек айылы толугу менен күйүп кеткен — дал ошол жердеги май куюучу бекетке Тажикстандын туусу сайылган.

Дагы бир ири өрт «Тажикстандын атайын отряды токтогон жерден 500 метр аралыкта жайгашкан» Интернационал айылында чыккан.

NASA спутниктери Тажикстандын Ворух анклавына жакын жайгашкан Ак-Сай айылындагы жана тажиктердин Исфара шаарынын жанындагы Достук айылындагы өрттөрдү дагы көрсөткөн.

Журналисттер 29-30-апрелдеги чек ара жаңжалында Кыргызсстанда 136 турак-үй жана 84 соцобъект кыйраганын эскеришкен.

Куралданууга кеткен чыгымдар

Журналисттер бул чыгарылышта Кыргызстан менен Тажикстан куралдануу үчүн канча акча сарптаарын да айтып беришкен.

«Расмий маалыматтарга караганда Тажикстан өткөн жылы курал сатып алууга 2,5 млн доллар сарптаса, Кыргызстан бир доллар да сарптаган эмес, тагыраагы эч нерсе сатып алган эмес», — деп билдирет Зулайка Эркимбаева.

Журналисттер тажик жана кыргыз аскерлери кандай куралдарды колдонгонун да талдап чыгышкан. Алардын маалыматында, тажик тараптын куралдануусу кыргыздыкынан бир топ эсе күчтүү жана заманбап. Акыркы беш жыл ичинде Тажикистан куралданууга 121 млн АКШ долларын сарптаган, ал эми Кыргызстан болгону 4,5 млн доллар жумшаган.

Табышмактуу рейс

«Баткен окуясына чейин Тажикстандын Кожент шаарына Дубайдан учак келип конгон. Биз ал лайнердин дүйнөнүн согуш оту тутанган же кызуу жерлерине куралды мыйзамсыз ташууга байланышы бар экенин аныктадык», — деп билдирди журналист Актилек Капаров.

Анын айтымында, Boeing 747 учагы чек арага жакын чакан шаарчага 27-апрель күнү саат 15:36да конгон. Бул Головной суу бөлүштүрүүчү каналында жаңжал чыкканга чейин бир күн мурда болгон. Жүк ташыган ири самолёт ал жерде 12 саат туруп, андан кийин Бишкекке учкан.

«Бул самолёт Кыргызстанда катталган Aerostan компаниясына таандык, ага ээлик кылгандардын арасында чет элдиктер бар», — деп белгилейт Капаров.

Журналисттин айтымында, 2020-жылы Накви Саед Камран Мехди Раза деген жаран бул компаниянын тең түзүүчүсү болуп дайындалган. Ал курал чыгарган SWISS Group компаниясынын топ-менежментине кирет.

Натыйжада Болот Темиров жаңжал жөн жерден эле келип чыкпаганын, атайын пландалган деген жыйынтыкка келген.

«Факт жүзүндө бул куралдуу кол салуу. Кыргызстан жаңжалдан көп жабыркады, Тажикстан болсо соңку жылдары курал сатып алып жатат. Жаңжалга чейин бир күн мурда Кыргызстанга жакын Кожент шаарына аскерий аракеттерди жүргүзүү үчүн [куралдардын] кезектеги партиясы келген болушу мүмкүн.

Ал эми чек арадагы окуялар тажик бийлиги талаштуу чек ара аймактарында чагымдарды улантып, ушуну менен токтоп калгысы келбегенин көрсөтүп турат», — деп жыйынтыктады журналист.

Тема боюнча:

«Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик

Лейлектин Максат айылынан сүрөт баян