Жапаров депутаттардан сот реформасы тууралуу мыйзам долбоорлорун кезексиз кароону өтүндү

Президент Садыр Жапаров 7-июнда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин жыйынында парламенттин депутаттарынан сот системасын реформалоо боюнча бир катар мыйзам долбоорлорун кезексиз карап берүүнү суранды.

Жапаров аталган маселелерди сот системасында өзгөрүүлөрдү тездетүү жана сот териштирүүлөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кезектен тыш кароо керек деп эсептейт. Муну менен бирге президент бул жаңы Юстиция жана Судьялар кеңештерин түзүүгө да жардам берет деп эсептейт.

Сот ситемасын реформалоо боюнча мыйзам долбоорлорун Жапаров өз атынан киргизет. Муну менен президент Жогорку сот жана жергиликтүү соттор, конституциялык сот, судьялардын макамы, сот адилеттиги боюнча кеңеш жана соттук өз алдынча башкаруу органдары тууралуу мыйзамдарды кароону сунуштап жатат.

Анын айтымында, соттук жана укук коргоо орган системалары ачык-айкын иштеп, коомдун көзөмөлүндө болушу керек.

«Жазык жана процессуалдык мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына ылайык так жүргүзүү абзел», — деп билдирди Жапаров.

Өлкө башчысы жаңы мыйзамдарда адамдарды кыйноо коркунучунан коргоонун, кадыр-баркты басмырлоого каршы туруунун натыйжалуу механизмдери каралып, кыйноо фактылары боюнча акыйкат жана ыкчам иликтөө жүргүзүүнүн механизимдери камтылууга тийиш экенин баса белгиледи.

Жаңы Конституция президентке өзүнүн атынан мыйзам долбоорун сунуштоого жана аны кезексиз тартипте карап чыгуу тууралуу өтүнүч келтирүүгө жол берет.

Сот системасында реформа жүргүзүүнүн дагы бир себеби — күчүнө кирген жаңы Конституция. Баш мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн өлкөдө бир топ мыйзамдарды өзгөртүүгө туура келет.

Сот реформасы менен катар эле Кыргызстанда Жазык, Жазык-процессуалдык кодекстери жана Жоруктар жөнүндөгү кодекс иштелип чыккан. Түзөтүүлөрдүн авторлору — Башкы прокуратура — бул укук коргоо органдар системасынын ишин жакшыртууга өбөлгөн түзөт деп билдиришүүдө.

Түзөтүү киргизүүнү жактаган башкы прокурор Курманкул Зулушевдин негизги аргументи — 2019-жылы кабыл алынган кодекстер «кылмыштын бетин ачуу процессинин негизгиз созулушуна» алып келген.

Бирок юристтер менен эксперттер түзөтүүлөрдүн мынча тез арада кабыл алынып жатканына тынчсызданышкан. Өнүгүү боюнча өнөктөштөр координациялык кеңешинин — адам укуктары жана укук үстөмдүгү боюнча жумушчу топтун тең төрагасы Никола Скарамуццо кодекстерге түзөтүүлөр «өзгөчө чукул аралыкта» киргизилип жатат деп билдирген.

«Биз, донорлор, кодекстерге өзгөртүүлөр кандай киргизилип жатканы боюнча тынчсызданып жатканыбызды айткыбыз келет, алар акыркы жети жыл ичинде Кыргызстандын жана Кыргызстанда жашап аткан адамдардын кызыкчылыгы үчүн киргизилген прогрессивдүү жоболорду коркунучка кептеши мүмкүн», — деп билдирген ал.

Мындан тышкары, юрист Сания Токтогазиева реформа жүргүзүүнүн өзүн эле эмес, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү демилгелеген Башкы прокуратураны дагы сынга алган.

«Эмне үчүн бул реформаны кылып жатабыз? Прокуратура ошону каалаптыр деп элеби? Укук коргоо органдары бизди 90-жылдарга алып барып койгусу келип жатканы үчүн элеби? Жаңы кодекстер боюнча иштегилери келбей жатат! Бул негиз деп эсептелбейт! Биз азыр советтик жазык акыйкаттыгына кайтып жатабыз, ал жерде мамлекеттин кызыкчыгы жарандын кызыкчылыгы менен эркиндигинен жогору турат», — деген ал.