COVID-19: Коронавирустун жаңы 379 учуру катталды, 7 киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

8-июнда коронавирустун жаңы 379 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 336, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 43. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 149;

Чүй облусунда — 96;

Ысык-Көл облусунда — 15;

Ош шаарында — 50;

Ош облусунда — 32;

Жалал-Абад облусунда — 22;

Талас облусунда — 1;

Баткен облусунда — 9;

Нарын облусунда — 5.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 107 714кө жетти.

Ал эми акыркы суткада 311 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 153, Чүй облусунда — 81, Ош шаарында — 15, Ысык-Көл облусунда — 32, Жалал-Абад облусунда — 16, Баткен облусунда — 5, Нарын облусунда — 9 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 101 033 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 765 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 496 киши оор, 99 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 914 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 728.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында жети COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1859 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 10 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Ош шаарында — алты, Бишкек шаарында — эки, Жалал-Абад жана Баткен облустарында — бирден оронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 766га жетти, анын ичинен 4 638 медкызматкер илдеттен айыкты.