Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Рахман Разыков акыркы сапарга узатылды

Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop.kg

Белгилүү куудул, сатирик, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Рахман Разыков 8-июнда акыркы сапарга узатылды. Узатуу зыйнаты маркумдун Ош шаарындагы үйүндө өттү.

Аны менен коштошууга куудулдун сахналаштары, шакирттери, санаалаштары жана дос-туугандары болуп жүзгө жакын киши чогулду. Алар кыргыз орду толгус жоготууга учураганын белгилеп, аны «чынчыл, акыйкат деп жашаган, адамгерчиликтүү, залкар, көп кырдуу талант» катары эскеришти.

«Рахмандын бүткөндөн бүтө элек, кылгандан кыла элек иштери көп эле. Август айында дагы бир китебинин бет ачаары болуш керек эле. Ал чоң концерттик программа менен коштолмок [...] Көзүнүн тирүүсүндө жакшы сөз айтып коюу үчүн сөзсүз түрдө тиги шордуу өлүшү керек экен. Рахман кош бол досум, аркы дүйнөдө жолукканча!» — деп сүйлөдү анын досу, сахналашы, куудул Абдылда Иманкулов.

Ал эми саясатчы Адахан Мадумаров сатириктин «көөдөн кыйкырыгы коомго убагында жетпегенин» айтты.

«Чыгармаларын койдурбай атса, театрлардын эшигин жаап жатса, жазган чыгармалары үчүн кайра-кайра суракка чакырып жатса. Бул дүйнөгө болбосо кайсы дүйнөгө батуу керек?! Качан телефон чалсам “мен УКМКда отурам, ал жерде отурам, бул жерде отурам, эмнеге мындай ыр жазасың деп чакырыптыр” дейт эле. Рахман акенин жетпей жаткан көөдөн кыйкырыгы мүмкүн эми жетээр», — деди Мадумаров.

Андан сырткары, Разыковдун шакирттери «куудул өзү өлсө да, чыгармалары эл ичинде жашай берет» деп айтышты.

Разыков 7-июнга караган түнү 66 жашында каза болду. Ал коронавирус жуктуруп, жубайы менен Ош шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан. Маркум өзү туулуп-өскөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылында жерге берилет.

Элдин көйгөйүн сатира менен жеткирген куудул

Разыков элдин сүймөнчүгүнө айланган куудул, сатирик эле. Көбүнчө өлкөдөгү көйгөйлөрдү, бийликтин мыйзамсыз иш-аракеттерин сатира менен элге жеткирчү.

«Чоңдор түшүнбөсө көбүрөөк, ачуураак айталы деп баштадык. Коомдогу көйгөйлөрдү айтыш керек да. Бүгүн коомдо "ооруп" жаткан саясат болгондуктан тамашанын көбү саясатка арналып жатат [...] Сындабайын десем саясатчыларды карап отуруп, айла жоктон сатира жазууга туура келүүдө», — деген эле Разыков интервьюларынын биринде.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын башында ал «Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан» концертине бийлик бут тосуп, УКМК бул боюнча аларды суракка да алганын айтып чыккан эле.

Ал «Бешилик», «Беш кемпир», «Беш тапан», «Таң жылдызы» топторун түзүп, бир канча таланттуу жаштарды тарбиялап чоң сахнага алып чыккан.

Мындан сырткары Разыков саясий көз карашын да активдүү билдирип турчу. Бир канча жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп, акыркы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы менен барган.

Маркумдун артында жубайы, үч уулу жана үч кызы калды.