Ош: УКМК куудулдарга «Үч пахан» интермедиясын коюуга тыюу салды

Куудулдар Рахман Разыков жана Абдылда Иманкулов Ош шаарында «Оңолмок элек биз качан ортодо турса үч пахан» күлкү-тамаша концертинен кийин калаадагы УКМКнын башкармалыгына чакырылды. Бул тууралуу «Клоопко» Разыков өзү билдирди.

Аталган концерт Ош шаарындагы Бабур театрында 1-5-январларда өткөн. Разыковдун айтымында, концерттин алгачкы күнүндө «Үч пахан» интермедиясы коюлган. Анын эртеси күнү алар УКМКга Бабур театрынын директору менен биргеликте чакырылган.

«Үч пахан» интермедиясында абакта отурган үч киши президенттиr кызматка ким татыктуу экенин талашып-тартышат. Аларды Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов жана Нарын Молдобаев аткарышкан.

Сахналаштырууда «теледебатка барбайм, мен катын-ушакты жаман көрөм», «лампочкам» деген сөздөр айтылган.

*Бул жерде президенттикке талапкер Садыр Жапаров тууралуу сөз болгон болушу ыктымал. Анткени Жалал-Абад облусунун тургундары менен болгон жолугушууда аялдардын бири Жапаровду «Садыр, садага болоюн, лампочкам!» деп эркелеткен. Ошондой эле Жапаров КТРКдагы талапкерлер арасындагы дебатка «ушак териштиргенди жаман көргөнү» үчүн барбаганын айткан.

«“Жанагы “үч пахан” деген интермедияны койбой эле калганын коё бергиле” деп [УКМК] уруксат берген. Анан ошол интермедияны алып коюп, концертти койдук [...] Мен айттым “концертке УКМКнын кандай тиешеси бар” десем, “мыйзам бузуу элементтери болуп жатат “үч пахан” интермедиясында” дейт. “Каерде болуп жатат?” десем, “мыйзамга каршы” дейт», — деди Разыков.

Разыков алар кийинки концерттерде «Үч пахан» интермедиясын башка сценага алмыштырууга аргасыз болушканын айтууда. Ал эми соцтармактарда аталган интермедиянын үзүндүсү тарап жатат. Бирок анда сахнадагы афиша монтаждалган. Куудулдардын ордуна президенттикке талапкер Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана спикер, президенттин м.а. Талант Мамытовдун сүрөттөрү чапталган.

Куудулдун айтымында, алар бул концерт менен Жалал-Абад облусуна барганда жергиликтүү бийлик аны коюга тыюу салып койгон.

«Жалал-Абадга бүгүн келсек, бул жерде эки күндүк концерт бар эле, COVID-19га каршы облусттук штабдын отурумунда “өзгөчө кырдаалга байланыштуу эл чогулганга болбойт” деп токтом чыгарып, театрга берип, билеттерди сатууну токтотту», — деп билдирди Разыков.

Разыков Жалал-Абад облусу боюнча ресторандардагы тойлорго жана соода түйүндөрдүн ишмердүүлүгүнө тыюу салынбаганын, ошол эле учурда күлкү-тамаша концертти өткөрүүгө уруксат берилбегенине нааразычылыгын билдирди.

Материал чыгаар алдында УКМКнын басма сөз кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин куудулдар «ОшТВ» телекомпаниясы алардын концертинин жарнамалык ролигин эфирге чыгарбай койгонун айтып, муну «саясий чечим» деп баалашкан. Ал эми «ОшТВнын» директору Керимбек Калыгулов бул дооматтарды четке каккан.

Рахман Разыков буга чейин талапкер Адахан Мадумаровдун үгүт иштерине катышып жүргөн жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоодо да колдогон.

Мадумаров Жапаровдун президенттик шайлоодо негизги аттаандашы. УКМКны жетектеген Ташиев Жапаровдун досу жана партиялашы.

Ошол эле учурда өлкөдө коронавирус пандемиясына карабастан үгүт иш-чараларына тыюу салынган эмес — талапкерлер миңдеген шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө.