Пхукет аралындагы ыңгайлуу булуңдан орун алган Trisara элиталуу курорттук комплексинин аймагында терезесинен океан көрүнгөн ондогон менчик виллалар бар.
Ачык булактардын жардамы менен журналисттер кыргыз бажысынын төрагасынын чуулгандуу орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын кол алдында иштеген мураскору Замирбек Карашаевдин үй-бүлөсү Таиландда чогуу эс алганын далилдешти.
Негизги далилди Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана Карашевдин кызынын инстаграмдагы сүрөттөрү түзөт.
Журналисттер Trisara тууралуу Тургунованын 2019-жылдын 8-январындагы постторунан улам билишкен.
«Trisara түнкүсүн 🎇🌅❤️», — деп жазган ал.
Ал кичинекей үч баласы алган белектердин сүрөттөрүн дагы чыгарган, муну менен ал үй-бүлөсү менен эс алып жүргөнүн көрсөткөн:
Айрым публикациялар журналисттерге үй-бүлө ижарага алган конкреттүү вилланы табууга жардам берген: Тургунованын өзүнүн сүрөтү, бассейндин жанында турган кызынын сүрөтү жана ага арналган тортко түшүрүлгөн сүрөттөр.
Журналисттер Trisara комплексинин интернеттеги сүрөттөрүн издеп жатып, орусиялык блогер жарыялаган курорттук комплекстин Ютубдагы обзорун табышкан. Блогер дагы дал ошол виллага токтогон сыяктанат.
Блогер кайсы виллага токтогонун ачык айткан эмес, бирок журналисттер курорттук комплекстин сайтындагы пландоону изилдеп жатып таап чыгышты; 39-номур.
Аянты 1600 чарчы метр Trisara Signature Villa’да (анын ижарасы кышкы майрамдарда суткасына 5000 долларды түзөт) төрт уктоочу бөлмөсү бар. Жашоочуларга жеке ашпозчу менен үй кызматкери берилет. Тургунова Instagram’га чыгарган сүрөттө дал ошолор чагылдырылган болушу мүмкүн:
Карашевдерге келсек, алда канча жөнөкөй.
8-январда, андан кийин дагы Тургунова пост жарыялаган учурда Карашевдин кызы Trisara комплексинде тартылган сүрөттөрдүн сериясын чыгарган. Ал дагы социалдык тармактарга вилланы, террасаны жана океан тараптагы көрүнүштү чагылдырган видео чыгарган.
Trisara’да архитектурасы жана короосундагы бассейндери окшош ондогон виллалар бар. Бирок журналисттер курорттун сайтындагы жарнамалык сүрөттөрдөy 20-номурдагы вилладан дал ушундай көрүнүш ачыларын көрүшкөн:
Кышкы майрамдарда аянты 1600 чарчы метр жана үч уктоочу бөлмөсү бар вилланын ижара акысы суткасына 4,4 миң долларды түзөт.
Көрсө, Матраимовдор менен Карашевдер ижарага алган 39 жана 20-номердеги виллалар курорттук комплекстин түштүк бөлүгүндө бири-бирине коңшу жайгашкан экен.
Эки үй-бүлөнүн бирөөсү дагы комментрий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.
Көбүрөөк билүү: Матраимовдон калышпайт. Иштен алынган дагы бир бажычынын байманалуу жашоосу