Иллюстрациялар: Светлана Тюрина

Матраимовду кызматтан алып, сот жообуна тартуу менен кыргыз бажысында олуттуу деле өзгөрүү болгон жок. Бажы төрагасынын орун басарлыгына Матраимовдон кийин келген Замирбек Карашев анын коррупциялашкан түйүнүнүн мүчөсү болгон өңдөнөт. Ал дагы өзүнүн үй-бүлөсүнө Матраимовдон кем калбаган байманалуу жашоо түзүп бергени байкалат.

Райымбек Матраимов — дүйнөдөгү «эң таанымал» бажы кызматкери болсо керек. OCCRP жана анын өнөктөштөрү Кыргызстандагы бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары тууралуу көптөгөн иликтөөлөрдү жарыялап, анын жүк ташуучу көмүскө империя менен байланышынын бетин ачкан.

2017-жылы Матраимов кызматтан бошотулганы менен анын саясий таасири ансайын арткан: Кыргызстандын бажы түзүмдөрү анын бизнес-империясынын көзөмөлүнө өткөн, ал эми анын үй-бүлөсүнө таандык делген саясий партия парламенттик шайлоодо аз жерден утуп кете жаздаган.

Мамлекет сага көңүл бурууга чамасы жетпей жатса эмне кылуу керек?

2020-жылы өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын көпчүлүк тааныган жок: талапкерлер добуш сатып алууга жана башка мыйзам бузууларга айыпталышкан. Нааразы болгондор Бишкектин көчөлөрүнө чыгып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, ал эми жаңы келген өкмөттүн коррупцияны түп-тамыры менен жоготобуз деген убадалары жамгырдай жаады.

OCCRP Матраимов өзүнө бөркүндөй ишенген, коррупционер чиновниктерден турган чырмалышкан түйүндү түптөгөнүн аныктады, бирок бажы төрагасынын орун басары кызматынан алынса да эч кандай өзгөрүү болгон эмес.

Матраимовдун мураскери Замирбек Карашевге байланышкан кезектеги жаңы иликтөө экс-бажычы түптөп кеткен коррупциялык түйүн бажы кызматынын эң жогорку тепкичтерине чейин жеткенин далилдейт. Соцтармактарда жарык көргөн сүрөттөр Матраимов менен Карашевдин үй-бүлөлүк катышын көрсөтүп турат, ал тургай алар Таиландда кымбат баалуу курортто чогуу эс алышкан. Карашевдер менен Матраимовдордун дагы бир окшоштугу — алар мартабалуу жашоо образын сүйүшөт. Карашевдин кызы акысы кымбат жеке менчик мектептеги окуусунан кийинки бош убактысында Италия, Франция, Дубай жана Түркияга саякаттап, бейкапар жыргал жашоодон ырахат алып жүрөт.

Ушундай саякаттоолор жана журналисттер таап чыккан Карашевдин тууган-уругуна таандык кыймылсыз мүлктөр аз эмес, бирок асман чапчыбаган айлык алган мамлекеттик кызматкердин капчыгына туура келбейт. Карашевдин балким башка мыйзамдуу киреше булагы болсо деле, ал жөнүндө мыйзам талап кылгандай декларацияда көрсөткөн эмес. Белгисиз себептер менен салык кызматынын сайтында анын активдери тууралуу декларация жайгаштырылган эмес. OCCRP менен «Клооп» кенен маалымат алуу үчүн салык кызматына кат жазган, бирок Карашевдин бир жыл ичиндеги кирешеси тууралуу декларациядан башка жарытылуу маалымат ала алган эмес.

Карашев апрель айында табышмактуу жагдайда бажыдагы ээлеген кызматынан бошотулган. Бирок Матраимовду сындагандар сүйүнө турган деле жагдай жок: кыязы, Карашев деле бажыга адаттагы схема аркылуу келген өңдүү.

Карашев менен Матраимов комментарий берүү тууралуу өтүнүчкө жооп беришкен жок. Бул материал жарык көрөөр алдында Карашевдин кызы соцтармактардагы бул иликтөөдө көрсөтүлгөн постторун өчүрүп салган.

Матраимовдун бажы империясы

2017-жылы Матраимов бажыдагы кызматынан бошотулган, бирок анын бул тармактагы карьерасы ошону менен эле бүтүп калган эмес. Бул иликтөөдө биз экс-бажычы жана анын таасирдүү достору Кыргызстандагы үч маанилүү терминалды кантип көзөмөлгө алышканын түшүндүрүп беребиз.

Күмөндүү карьералык өсүш

Карашев тууралуу маалымат жокко эсе: көпчүлүк кыргыз чиновниктеринин өмүр баяны жазылган өкмөттүн сайттарында ал жөнүндө маалымат жок. Бажы кызматы жеке жашоонун кол тийбестигин шылтоо кылып ал тууралуу биографиялык маалыматтарды берүүдөн баш тартты.

Карашевдин жакын арада кызматтан кетишинин себеби тууралуу суроону буйтап кетишти. Анын кызматтан четтетилгени тууралуу расмий буйрук жарыяланган жок. Журналисттер дагы документти изилдей алган жок — аны кайдан издөө керек экенин да түшүндүргөн киши болбоду. (Өкмөттөгү жеке булагыбыз болсо Карашевди бажы кызматынын төрагасы кызматтан кетирүүнү чечти деп билдирген).

OCCRP жана өнөктөштөрү башка булактарга кайрылып, анын кызмат жолун жарым-жартылай болсо да ачып берүүгө аракет кылды.

Биринчи жолу Карашевдин ысымы 2011-жылдагы документтерде аталган: ал Ош облустук бажы кызматынын төрагасынын орун басары деп көрсөтүлгөн. Райымбек Матраимов анын түздөн-түз жетекчиси болгон.

Кийинки жылдары Карашев бир нече жогорку кызматтарды аркалаган: Ош облустук бажысын жетектеп, ошондой эле Бишкектеги эл аралык аэропорттун бажы кызматынын башчысынын орун басары жана башчысы болгон.

Мыйзам боюнча салык башкармалыгы жогоруда көрсөтүлгөн кызматтардын жок дегенде айрымдарын аркалаган адамдардын декларацияларын сайтында жарыялап турууга милдеттүү, бирок ал жакта Карашев тууралуу маалыматтар жок. Журналисттер салык кызматына анын декларацияларын берүүнү өтүнүп кат жолдошту, бирок документтердин түп нускасын ала алышкан эмес. Ошентсе да журналисттер бир жагдайды аныкташты: Карашев декларацияда эч бир жеке менчигин көрсөткөн эмес, болгону үй-бүлөсүнүн кирешеси 2016-жылы 663 миң сомду (тогуз миң долларды) түзгөнүн билдирген.

2019-жылы октябрда ал кызматынан дагы бир тепкич жогорулап, Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган — ушул эле кызматты бир кездерде Райымбек Матраимов аркалаган.

Иште гана дос эмес

Карашев менен Матраимовдун жакын мамилеси жумуш менен гана чектелген эмес.

Райымбек Матраимов Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп турганда достору жана кесиптештери менен тоо койнундагы курорттордун бирине барган. Сүрөттө Карашев дагы бар. Сүрөт: «Эркин Европа» радиосу/«Азаттык» радиосу

Муну Кыргызстандын бажы тармагын жакшы билген үч маалымат булагы тастыктап берди. Алардын ысымдарын коопсуздук маселесинен улам атаган жокпуз.

Маалыматты эки үй-бүлөнүн соцтармактарга чыгарган сүрөттөрү дагы бышыктайт.

Буга чейинки иликтөөдө Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын инстаграм-аккаунтундагы постторунун негизинде биз экс-бажычынын үй-бүлөсүнүн мамлекеттик кызматкердин расмий маянасына туура келбеген байманасы ашып ташыган байлыгын далилдегенбиз.

Материалдын үстүндө иштеп жаткан журналисттер бир кыз Тургунованын постторуна эмоционалдуу комментарийлерди жазып, андан кем калышпаган жылуу жоопторду аларын байкашкан.

Instagram’дагы сүрөттө Тургунова бассейндин жанында эс алып жатат. Карашева постко мындай комментарий калтырган: «🙏🙏🙏😍😍😍😍».
Сүрөт: Instagram

Бул кыздын Матраимовдун башка туугандары менен дагы мамилеси бар: Матраимовдун баласынын инстаграмдагы сүрөттөрүнө билдирүү жазат, өз кезегинде бул кыздын сүрөттөрүн Райымбектин жээни комментарийсиз калтырбайт.

Белгилүү болгондой, анын инстаграмдагы аккаунтунда көрсөтүлгөн маалыматтар Карашевдин кызы тууралуу элге жеткиликтүү маалыматтар менен дал келет. Биз ал өспүрүмдүн толук аты-жөнүн жазган жокпуз — болгону КАРАШАЕВА деген фамилияны колдонуп жатабыз. Анткени сүрөттөр жарыяланган учурда ал кыз жашы жете элек деп саналчу.

Карашеванын инстаграм-аккаунтундагы постторду карай келгенде, ал колунда бар үй-бүлөнүн кызы экени дароо байкалат: кыз дүйнөнү чар-тарабына саякаттап, кымбат баалуу мейманканаларга токтойт.

Сүрөттөргө караганда Карашевдер менен Матраимовдор бирге эс алышкан.

2019-жылы январда алар Таиланддагы Пхукет аралынан орун алган Trisara кымбат баалуу курорттук комплексинде чогуу эс алышкан. Trisara’да эс алып жүрүп Карашева инстаграмга өтө көп сүрөттөрдү жана стористерди жарыялаган. Анын ичинде селфи жана деңиз жээгинин сүрөттөрү бар. Сүрөттөрдүн алдына болсо: «жашоонун ырахатын көрүп жатам», «жашоо керемет», «кыялдар орундалат» деп жазган. Публикациялардын датасына караганда, үй-бүлө курортто сегиз күн эс алган — мындай эс алууга 35 миң доллардан ашуун каражат сарпталат. Бул сумма Карашеванын атасынын 2016-жылга карата бир жылдык айлыгынан төрт эсе көп.

Ал эми жолдун аркы өйүзүндө, андан кем калбаган укмуш виллада — бир эле мезгилде — Матраимовдор жашаган.

Кыргыз бажысынын мурдагы башчыларынын Таиланддагы эс алуусу

Бул эки үй-бүлө кийинки жылы дагы бирге эс алган өңдөнөт — Тургунова менен Карашева бир эле учурда Түркиянын Белек курорттук шаарында тартылган сүрөттөрдү чыгарышкан.

Байманасы ашып ташыган жашоо жана кыймылсыз мүлк

Карашеванын Instagram’дагы сүрөттөрүндө атасынын байлыгы анын расмий кирешесине дал келбегенин көрсөтүп турган далилдер бар.

Журналисттер анын Инстаграмына чыгарган кийим-кече, сумка жана бут кийимдеринин баасын бери дегенде 34 миң доллар деп баалашты.

2018 жана 2019-жылдары чыгарган постторунда Карашева дайыма бир локацияны көрсөтүп турган — «Билимкана — АУЦА». Бул Бишкектеги кымбат баалуу жеке менчик мектеп, ал жерде бир жылдык окуунун акысы 5 000 доллар. Мектептин сайтында Карашева окуу жайды (Райымбек Матраимовдун жээни сыяктуу эле) 2019-жылы аяктаганы жазылган.

Окуудан тышкары бош убактыларын ал Париж, Италия, Дубай жана Түркияда өткөргөн.

Декларацияланбаган мүлк

Мыйзам кыргыз чиновниктерин ээ болгон мал-мүлкүн декларациялоого милдеттендирет. Салык кызматынан Карашев эч кандай маалымат бербегенин айтышты. Бирок журналисттер анын үй-бүлөсүнө таандык бир нече кыймылсыз мүлктөрдү таап чыкты.

Ал эми анын жубайы Анара Мадумарованын Ош шаарында короо-жайы кенен чоң үйү бар. Анын баасы белгисиз.

Карашевдердин Оштогу үйүндө байкоочу камералар орнотулган. Сүрөт: «Клооп»

Жер кадастрынын маалыматына ылайык, 2012-жылы Карашевдин ал убакта 13 жаштагы уулу чоң атасынан Ошто дагы бир үйдү белекке алган. Кыймылсыз мүлк Карашевдерге таандык болгону менен ал жакта башка үй-бүлө жашайт.

2007-2013-жылдар аралыгында экс-чиновниктин ата-энеси дагы төрт кыймылсыз мүлк жана эки курулушу жок жер тилкесин сатып алышкан. Ошол эле учурда Карашевдин атасынын расмий киреше булагы жок.

Негизгиси, Карашаевдер борбор калаа Бишкекте белгилүү бир убакытка кымбат баалуу батирде жашап турганын көрсөткөн далилдер бар.

Болжол менен ошол эле убакта Карашев Бишкекке көчүп баргандан кийин, анын кызы көптөгөн сүрөттөрдү жарыялаган, алардан дубалдарында алтын оймо-чиймелери бар көз жоосун алган батирди көрсө болот — көбүнесе ал Матраимовдордун калаадагы «резиденциясын» эске салат. Журналисттер бул кыймылсыз мүлк тууралуу эч нерсе табышкан жок.

Карашевдин кызы аларга таандык болушу мүмкүн делген батирлердин биринде сүрөткө түшкөн.
Сүрөт: Карашева / Twitter