Иллюстрация: Светлана Тюрина

Райымбек Матраимов - чириген байлыгы менен таанылган таасирдүү аткаминер. Анын жубайынын социалдык медиадагы барактары бул үй-бүлөнүн байманасы ашып-ташыган жашоосун чагылдырат. Ошол эле учурда Матраимов өз декларациясында Мамлекеттик бажы кызматынан алган чакан айлыгын гана көрсөткөн.

«Керемет жашоого эч ким тыюу сала албайт !😍😍👍», деп жазат Аманда Тургунова постторунун биринде.

Бул - алыскы саякатты, кымбат жашоону жактырган кыргыз аялынын курулай сөзү эмес. 2015-жылдын апрелинде жарыяланган сүрөттөрдө саркеч кийинген Тургунова кымбат ресторанда, чириген байлар токтогон мейманкананын холлунда түшкөн.

Тургунова ошол эле айда андан да экзотикалуу жерлерден бир топ сүрөттөрдү жарыялаган: «FlyDubai» аба компаниясынын каттамында «Dolce & Gabbana» брэндинин гүлдүү костюмун кийип, жанына ошондой эле гүлдүү саркеч кийимчен тестиер кызы менен отуруп, кымбат баалуу «Lexus SUV» автоунаасын «❤️❤️❤️ (сүйгөнүнөн) белекке» алганын ишарат кылат.

 «Супер эс алуу! » деп жазылган селфи. Сүрөт: Тургунова/«Одноклассники»

Тургунованын «❤️» дегени ийгиликтүү ишкер болсо керек деген ой туулат. Бирок андай эмес.

Анын күйөөсү - Райымбек Матраимов, мурдагы мамлекеттик аткаминер. Ал 1990-жылдардын аягынан бери ар кайсы мамлекеттик иштерде жүрүп, Мамлекеттик бажы кызматына алгач жөнөкөй инспектор болуп орношкону тууралуу маалымат бар. Бара-бара өсүп отуруп, 2015-жылы мекеменин төрагасынын орун басарлыгына чейин жеткен. Бирок анын эң жогорку кызматта турганда алган маянасы 1000 доллардын тегерегинен ашкан эмес. Муну анын тапкан киреше-мүлкү тууралуу декларациялары да тастыктайт.

«Азаттык» радиосунун, OCCRP уюмунун жана «Клооп» медиасынын мурдагы иликтөөлөрү Матраимов бажыда иштеп турганда мыйзамсыз жүк ташыган карго империясын калкалап, ал үчүн чоң сый акы алып турганынын бетин ачкан.

Журналисттер өз иликтөөлөрүндө Матраимовдун декларациясында жок Дубайдагы мүлкүн таап чыгышкан. Ал кайсы акчага алынганы белгисиз. Анткен менен Кыргызстанда эл ичинде «Раим миллион» деген атка конгон мурдагы бажычынын үй-бүлөсү канча дүнүйө чогултканын эч ким билбейт.

Анын жубайынын жана мурда анын балдарын караган аялдын социалдык тармактардагы баракчаларын иликтегенде Райымбек Матраимов бажыда кызматта турганда анын үй-бүлөсү кантип карапайым элдин түшүнө да кирбеген байлыкка чөмүлүп жашаганын айгинелейт.

Бул иликтөөдөгү көп сүрөттөр Тургунованын «Instagram» жана «Odnoklassniki» тармактарындагы баракчаларынан алынган. Купуялык эрежесин сакташ үчүн колдонуучунун аты-жөнү көрсөтүлбөйт. Башка колдонуучулардын комментарийлери алып салынды.

Сүрөттөрдө Тургунова (чыныгы аты Аманда эмес, Уулкан), анын балдарын баккан аял жана балдары кантип жеке менчик учакка түшүп саякаттап, яхтада эс алып, бизнес-класста ары-бери учуп-конуп, дүйнөдөгү эң кымбат баалуу мейманканаларда токтогонун көрүүгө болот. Ошондой эле Тургунова «Dolce & Gabbana», «Louis Vuitton», «Chanel» деген саркеч брэнддерден сатып алган кийим-кечесинин коллекциясын улам толуктап, жаңылап турганын чагылдырат. Матраимов расмий кызматта турганда аялы соцмедиада жарыялаган кымбат баалуу киийим-кечек менен буюмдардын баасы 400 миң доллардан ашканын эсептеп чыгууга мүмкүн болду. Ал дагы бир топ люкс буюм-тайымдардын сүрөттөрүн чыгарган, алардын баасын биле алган жокпуз.

Тургунованын социалдык тармакка жарыялаган постунан алардын үй-бүлөсү 2016-жылы Дубайдын асман тиреген имаратынын 50-кабатында пентхаус апартамент алганын боолголосо болот. Ал ошол апартаменттин ичинен тартылган өзүнүн жана балдарынын сүрөттөрүн далай ирет жарыялаган.

Тургунова күйөөсү Райымбек Матраимовдон алган белек-бечкектерди байма-бай жарыялаганы менен, сүрөттөрдө анын жүзүн көрсөтпөйт. Бул эки коллаж кабарчылар таап чыккан анын жалгыз сүрөттөрү. (Тургунованын «Odnoklassniki» соцтармагына койгон сүрөттөрүн OCCRP топтогон).

Матраимов бажы кызматындагы жумушунан 2017-жылы алынган. Бирок Тургунованын эң соңку сүрөттөрү үй-бүлөнүн акчаны асманга сапырган саякаттары уланганын айгинелейт. Ал сүрөттөрдөн журналисттер үй-бүлөнүн Ысык-Көлдүн боюнда эс алган жайды, ал аркылуу Матраимовдун кримтөбөл Камчы Көлбаев менен айныксыз байланышын аныктай алышты.

Көлбаев менен байланыш

Ысык-Көлдөгү эс алуу жайы Матраимов менен Көлбаевди кантип байланыштырып турганын бул жерден окуңуз.

Матраимов бул иликтөө боюнча анын өкүлү аркылуу комментарий сураган өтүнүчкө жооп берген жок. Жубайы Тургунованын социалдык медиадагы аккаунттары анын жеке барактары болгондуктан, алар аркылуу комментарий суроого жол берилбейт.

Аманданын «чакан дасторкону»

Кабарчылардын колуна Матраимовдун 2011-2017-жылдар аралыгындагы байлыгы жана кирешеси тууралуу декларациясы тийген. Ошол документтерге караганда, ал өзү жана жубайы Бишкек жана Ош шаарында советтик доордо курулган эки батирге ээ.

Бирок Тургунованын соцтармактардагы постторунан ал кандай үйлөрдө: Ош шаарынын борборундагы хансарайда жана Бишкектин «Алтын чарчы» деп аталган районундагы пентхаус апартаментте жашаганын көрсө болот.

Оштогу чоң үй бир нече постторунда байкалат. Сүрөттөргө анын конокторго мол дасторкон жайганы, эшиктеги гүлзарда турганы, саркеч кийим-кечеси, Жапониядан алынып келген күчүктөр менен ойноп жатканы тартылган.

Солдо Матраимовдордун Оштогу үйүндө тамак-ашка толгон үстөл («менин чакан дасторконум 😊» деген жазуу менен коштолгон. Оңдо Тургунова үйүнүн сыртында. (Тургунованын «Odnoklassniki» соцтармагына койгон сүрөттөрүн OCCRP топтогон)

Матраимовдордун Бишкектеги жашоосу андан да байманалуу көрүнөт. 279 чарчы метрлик пентхаус апартамент шаардын эң кымбат райондорунун бириндеги имараттын алтын таажы менен жасалгаланган акыркы кабатында орун алган.

Тургунова бир топ сүрөттөрүндө көз жоосун алган интерьердин, үй-бүлөлүк салтанаттарда кызыл-тазыл гүлдөр менен үйлөмө шарларга толгон апартаментинин фонунда турат.

Тургунова үй-бүлөсү менен Бишкектеги апартаментте. CREDIT: Turgunova/Odnoklassniki

Оштогу үйү жана Бишкектеги апартаменти Райымбектин маркум апасы Апиза Матраимовага катталган. 2019-жылы апасынын көзү өткөндө Бишкектеги апартамент Райымбекке катталган. Оштогу хансарайды иниси Русланбек мурастап алды.

Чет өлкөлөргө сапар

Матраимовдор Кыргызстанда манчыркаган мүлк жыйганы менен, чет жактарга да саякаттаганды жактырат.

Журналисттер Тургунованын 2015-жылдын апрелинен берки саякаттарын чагылдырган 100дөй сүрөтүн карап чыгышты. Алардын көбүндө анын өзүн, жаңы сатып алган кийим-кече, буюмдарын, люкс жайларды жана интерьерлерди көрүүгө болот. Бир нече сүрөттө балдары менен түшкөн. Бирок алардын биринде да күйөөсү Райымбек көрүнбөйт. Андыктан ал ошол сапарларда жубайын коштоп жүргөнбү же жокпу, белгисиз.

Тургунованын посттору ал Түркия менен Дубайдагы беш жылдыздуу мейманканаларга артыкчылык берерин, Мальдив аралдары өңдүү алыскы экзотикалык жерлердеги эс алуусун чагылдырат.

Тургунова 2016-жылдын ноябрында Перси булуңундагы яхтадан Дубайдын горизонтун жана деңизди карап ырахат алып отурат. (Тургунованын «Odnokassniki» соцтармагынан алынган сүрөттөр)

Кээде ал сүрөттөрүн саякаттан кайтып келгенден кийин жарыялагандыктан, сапардын так күндөрүн аныктоо кыйын болду. Ошентсе да, даталар анын люкс жашоосунан үзүндүлөр Райымбек Матраимов бажыда кызматта турган маалга же ал иштен алынгандан кийинки маалга туура келет.

Тургунова эң көп каттаган багыттардын бири Дубай. Буга чейинки журналисттик иликтөө ал жерде анын финансылык кызыкчылыгы бар экенинин бетин ачкан.

Ал Дубайга канча барса да Эмираттын эң кымбат, анын ичинде «Le Royal Méridien» жана «Atlantis the Palm» деген отелдерине токточу. Бирок 2016-жылдын ноябрынан тартып Дубайдагы мейманканаларга конбой калды.

Тургунованын соцтармактардагы посттору анын сырын ачат. Бай жасалгаланган интерьердин фонундагы жаңы сүрөттөр үй-бүлө Дубайда жаңы мүлк сатып алып бат-баттан барып турат деген ойго жетелейт.

«Ал-Фаттандагы» пентхаус

Матраимовдордун манчыркаган апартаменти тууралуу маалыматты «Фейсбукка» үй-бүлөнүн балдарын баккан аял чыгарган. 2016-жылы 7-ноябрда жарык көргөн постто Терезита деген аял «кожоюндун жаңы апартаментине экскурсия» деген видео жарыялаган. «Бул жаңы алынган үй» деп тааныштырат чоң аянттуу апартаментти ал аял.

Ай талаадай кенен, баасы асман чапчыган апартаментти видеого тартып көрсөтүп жаткан аял: «Бул ашкана, - деп филиппинче баяндайт. - Бул биз тамактана турган бөлмө. Бул менин кожойкемдин бөлмөсү, болду, эми артка баралы, мен өзүм көрүнгүм келбейт».

«Бул мен караган кыздын бөлмөсү, экөобүздүн керебетибиз эки башка», – деп түшүндүрөт ал. «Бул эки өспүрүм эркек баланын бөлмөсү. Улуусунуку жана экинчисиники. Ар биринин өз-өзүнчө керебети бар», - деп улантат филиппинче ал.

Геолокациялык техникалар Матраимовдордун жаңы пентхаусу – Дубайдын «Жумейра Бич Резиденси» (Jumeirah Beach Residence) районундагы «Al Fattan Marine Tower» деп аталган көз жоосун алган имараттын 50-кабатында жайгашканын аныктоого мүмкүнчүлүк берди. Ошол жердеги буга окшогон апартаменттердин сатыкка коюлган баасы бир миллион доллардын тегерегинде.

Maтраимовдордун Дубайдагы апартаменти

Журналисттер Матраимовдордун Дубайдагы пентхаусун кантип табышты?

Түшүндүрмө: Чечилбеген түйүн

Матраимовдордун Дубайдагы пентхаусу - үй-бүлөнүн Эмираттардагы биринчи мүлкү эмес. 2019-жылдын ноябрында ачыкка чыгып кеткен датабазадан «Азаттык» радиосу өнөктөштөрү менен Тургунова Дубайдагы мүлккө кеминде 12 миллион доллар коротконун жана курулуп жаткан беш кабат имаратка белгисиз өлчөмдөгү каражат салганын аныкташкан.

Бул маалымат - Тургунова менен күйөөсүнүн байлыгы алардын декларацияга камтылган чакан кирешесинен алда канча көп экенин далилдеген ири фактылардын бири. Бирок кыргыз бийлиги буга олуттуу көңүл бурбагандай.

2019-жылы президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына барганда мекендештер менен жолугушуусунда оппозициячыл активист Чолпон Абдрахманова Матраимовдун жаңыдан ачыкка чыккан Дубайдагы мүлкү тууралуу суроо берген.

«Мындай акчаны ал кайдан алган, бул маселе боюнча сиздин позицияңыз кандай?» - деп собол салган Абдрахманова.

Жээнбеков ага кайра ошол мүлктү издеп табууну сунуш кылып жооп кайтарган.

«Сен Дубайда турасың. Дарегин таап, барып кел. Ошентип жардам бере аласың. Түшүндүңбү? Сөзсүз барып кел», - деген Жээнбеков бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатканын кошумчалаган.

Иликтөө жүргүзүлгөн болсо, анын жыйынтыгы кандай болгону коомчулукка ошол бойдон айтылган эмес.

Көгүлтүр Ысык-Көлдө

Тургунова дагы бир жактырып, көп каттаган жер – дүйнөдөгү тоолуу көлдөрдүн эң ирилеринин бири жана Кыргызстандагы туризмдин бешиги болуп саналган Ысык-Көл.

Ал 2015-жылдан 2019-жылдын аягына чейин кыргыз берметиндеги акчалуулар сүйгөн жайлардын бири «Karven 4-Season» эс алуу үйүнөн бир нече сүрөт койгон. Ал жайда ВИП коттеджди ижарага алуу туристтик сезондо бир күндүн акысы 500 долларга бааланат.

Журналисттер геолокациянын жардамы менен Тургунова кайсы коттеджде эс алганын аныкташкан. Тегеректеги башкалардыкынан айырмаланып, анын коттеджи чоочун көздөн далдаа болуш үчүн дубал жана жыш өскөн бак-шагы менен курчалган.

Матраимовдордун «Карвендеги» коттеджи

Журналисттер Тругунованын «Карвендеги» коттеджин кантип табышкан?

Кагаз жүзүндө бул эс алуу жайы Райымбек Матраимовдун келини Динархан Алайчиевага таандык. Бирок Тургунова ал жерге такай барып турган.

2019-жылга чейин Тургунованын соцмедиадагы постторунда «Карвендеги» вилла басымдуулук кылса, коронавирус жайылган быйылкы жайда карантинди ал башка бир керемет жерде өткөргөндөй.

«Каганат» эс алуу жайы – Чолпон-Атадагы атайын бир топко кирген адамдар гана жашай турган, узун-туурасынан курчалган жер.

Кабарчылар Тургунованын соцмедиага койгон постторундагы геолокация аркылуу тапкан, ал турган коттедж өзүнчө да курчалып, коопсуздук жагы катуу каралган.

«Каганатты» салган курулуш компаниясынын өкүлү анын ээси кримтөбөл Камчы Көлбаев экенин журналисттерге айткан. Чолпон-Атанын дагы төрт тургуну да бул маалыматты бышыктады.

«Эч нерсе болбойт»

Тургунованын шаан-шөкөттүү саякаттары менен сатып алган мүлкү, топтогон байлыгынын көбү күйөөсү бажы кызматында иштеген маалга туш келет. Матраимов 2017-жылы кызматтан алынгандан кийин коомчулуктун назарынан оолак болуп келди. Ошентсе да OCCRP жана өнөктөштөрү жүргүзгөн буга чейинки иликтөө ал бажы тармагында жеке бизнес империясын куруу менен алек болгонун көргөзгөн.

Быйыл октябрдын башында эле Матраимов кол тийбестей сезилчү. Парламенттик шайлоодо ал колдогон партия марага экинчи болуп келгени расмий жарыяланган. Ошондо мурдагы аткаминер өнөктөштөрү менен коалиция куруп, кыргыз саясатын калчайт деп болжолдонгон.

Тургунова 2019-жылы 8-мартта «Инстаграмга» койгон сүрөттө Аялдардын эл аралык күнүнүн урматына жайылган дасторкон тартылган. Анда тамаша иретиндиби же күйөөсүнүн саясий дымагын билдириш үчүнбү, «КЫРГЫЗСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ» жана «КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ АЙЫМЫ» деген жазуусу бар момпосуйлар салынып турганын көрсө болот. (Тургунованын «Instagram» баракчасынан алынган сүрөт)

Бирок шайлоодогу жапырт добуш сатып алуудан улам эл көтөрүлдү. Бир нече күндүн ичинде президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетип, башаламандык өкүм сүрүп, ар түркүн саясий күчтөрдүн ортосундагы тирешүү азыркыга чейин уланууда.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «коррупционерлерди» уурдаган акчаны кайтарууга үндөгөн. 20-октябрда кыргызстандыктар күтүлбөгөн окуяга күбө болушту: Матраимов кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кеңсесине жеткирилди.

Анын тагдыры мындан ары кандай болору белгисиз. Үй камагына бошотулардын алдында мурдагы аткаминер мамлекеттик казынага «кылмыштуу аракеттери» үчүн кенемте төлөөгө убада берди (ал күнөөсүн моюнга алып-албаганы дагы эле бүдөмүк). Ошондон бери ал казынага бир нече миллиондон сомдон бөлүп төлөп отуруп өзү айткан акчаны четинен кайтарууда.

Жапаров интервьюларынын биринде «Матраимов камакка алынса, акчаны мамлекетке кайра төктүрүү мүмкүн болбой калмак» деп айтканы бар. «Камалса эч нерсе болмок эмес, жөн гана камерада жатмак», - деген Жапаров.

«Ушуну эске алып саясий чечим кабыл алдык, акчаны кайтарсын. Ал ноябрдын аягына чейин эки миллиард сом (24 миллион доллардай акча) төгүүгө тийиш. Ошон үчүн үй камагына коё берилди», - деген президенттин милдетин аткаруучу.

Бирок байкоочулар Матраимов оңой жол менен кутулганы жатканын белгилешет. Жапаровдун билдирүүлөрүнүн жана коррупционерлерге «экономикалык мунапыс» берүү жөнүндө убадасынын укуктук базасы жоктой көрүнөт. УКМК Матраимовдун үстүнөн тергөө уланып жатканын билдирди.

8-декабрга чейин Матраимов алган милдеттемесинин жарымына жетпеген акчаны гана төккөнү белгилүү болду. Ошол эле маалда ал мамлекеттик кызматта иштеп, чакан маяна алып турганда топтогон байлыгы канча экени эч качан ачыкка чыкпай калышы да мүмкүн.