Ош облусунун үч районуна акимдин жаңы орун басарлары дайындалды

9-июнда Министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Кара-Кулжа, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун акимдеринин орун басарлары алмашканын маалымдады.

Маалыматка ылайык, 56 жаштагы Талантбек Кармышаков Кара-Кулжа районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин финансы министрлигинин Кадамжай районундагы башкармалыгынын жетектеген.

Талантбек Кармышаков. Сүрөт: Министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Ал эми Ноокат районунун акиминин биринчи орун басарлыгына 42 жаштагы Мамажунус Абилов келди. Абилов буга чейин Ноокат райондук администрациянын аппарат башчысы болгон. Мындан сырткары, Нүргүл Зульпиева Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп дайындалды.

Андан сырткары, 53 жаштагы Айжан Куланова Кара-Суу районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Куланованы администрациянын жамаатына Ош облусунун жетекчисинин биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев тааныштырды.

Ал буга чейин Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп иштеген.

Айжан Куланова. Сүрөт: Министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы