«Түндүкэлектрдин» экс-башчысы Бекмурзаев энергетика жана өнөр жай министри болду

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров Доскул Бекмурзаевди энергетика жана өнөр жай министри кылып дайындаганын кабарлады. Буга чейин ал кызматты Кубанычбек Турдубаев аркалаган.

Доскул Бекмурзаев деген ким?

Доскул Бекмурзаев директорлор кеңешинин чечими менен 2020-жылдын сентябрынын башында «Түндүкэлектрдын» башкы директору болуп дайындалган. Ага чейинки директор Искендер Кадыркулов арыз жазып, компаниядан кеткен.

2020-жылдагы октябрь окуяларында бийлик алмашкандан кийин «Түндүкэлектр» акционердик коомунун директорлор кеңеши 27-октябрда Бекмурзаевди ээлеген кызматынан бошотуп, ордуна Улан Астаркуловду дайындаган.

Бирок катардагы энергетиктер бул чечимге нааразы болуп, аны мыйзамсыз деп атап, Бишкекте Улуттук энергохолдингдин жана Өкмөт үйүнүн алдына үч жолу митингге чыгышкан. Алар митингдер менен чектелип калышпасын, эгерде Бекмурзаев кызматына кайтарылбаса иш ташташаарын да айтышкан. Бирок Бекмурзаев кызматына кайтарылган эмес.

Бекмурзаев кызматтан мыйзамсыз бошотулганын айтып сотко кайрылган. Аламүдүн райондук соту анын бошотулушун мыйзамсыз деп, кайра калыбына келтирүү чечимин чыгарган. Бирок «Түндүкэлектр» ААК бул чечимдин үстүнөн Чүй облсотуна даттанган. Облусттук сот чечимди «Түндүкэлектрдин» пайдасына чыгарган. Бирок Бекмурзаев жумушсуз калган жок: ал энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Бекмурзаев «Талас облустук кыргыз күрөшү федерациясы» коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал ошондой эле «Ошэлектро» компаниясынын тең түзүүчү акционерлеринин бири болуп эсептелет.