Сот «Түндүкэлектрдин» экс-башчысы Бекмурзаевди кызматка кайтаруудан баш тартты

Чүй облсотунун коллегиясы «Түндүкэлектр» ишканасынын мурдагы башчысы Доскул Бекмурзаевдин мыйзамсыз бошотулушу иши боюнча мурдагы инстанциялардын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу облсоттун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Аламүдүн райсоту Бекмурзаевди кызматына кайтарган, бирок «Түндүкэлектр» ААКы Чүй облустук сотунда бул чечимди даттанган.

Натыйжада Чүй облсоту Бекмурзаевдин доосун канааттандыруудан баш тартты. Ал «Түндүкэлектр» ишканасын мыйзамсыз бошотулганын айтып сотко берген болчу. Сотко берүүгө компаниянын билдирүүлөрү каттоого алынган журналындагы кабар себеп болгон, анда Бекмурзаев өз ыктыяры менен кызматтан кетүү арызын жазган деп айтылат.

«Түндүкэлектрдин» басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Бекмурзаев жетекчилик кызматынан ишкананын директорлор кеңешинин чечими менен 2020-жылдын 28-октябрында бошотулуп, ал эми анын ордуна башкы директорлукка Улан Астаркулов дайындалган.

Митингдер

Директорлор кеңешинин мындай чечиминен кийин «Түндүкэлектрдин» кызматкерлери эки жаатка бөлүнгөн: кызматкерлердин бир бөлүгү Бекмурзаевди кайра алып келүүнү талап кылышса, дагы бир бөлүгү жаңы жетекчиликти жакташкан.

2020-жылдын 30-октябрында «Түндүкэлектрдин» кызматкерлери өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, нааразылыгын айтышкан. Митингчилер Астаркуловдун дайындалышы мыйзамсыз жана кайра каралууга тийиш деп айтышкан.

Митингчилер менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлү жолугуп, кызматтан бошотуу жана жаңы дайындоолор боюнча чечим Садыр Жапаров менен талкууланганын жана «Түндүкэлектр» ишканасынын мурдагы башчысы Доскул Бекмурзаев кызматтан бошотулганы боюнча сотко кайрылууга акылуу экенин айткан

Митингдер 2-ноябрда дагы уланган. Жамааттын бир бөлүгү дагы деле жаңы жетекчинин дайындалышына каршы жана бул чечим энергетика тармагындагы коррупциянын далили дешсе, калган бөлүгү «мыйзамды жактап» митингге чыкканын, башкача айтканда, Астаркуловдун дайындалышы мыйзамдуу экенин билдиришкен.

Бекмурзаевдин кайтып келүүсүн талап кылган кызматкерлер үчүнчү ирет митингге 2020-жылдын 11-ноябрында чыгышкан. Андагы митингге кызматкерлер менен жолугушуу үчүн «Түндүкэлектрдин» техникалык маселелер боюнча башкы директордун орун басары Темиркул Дайыров келген, бирок чогулгандар аны укпай, митингден кууп жиберишкен.

Доскул Бекмурзаев деген ким?

Доскул Бекмурзаев директорлор кеңешинин чечими менен 2020-жылдын сентябрынын башында «Түндүкэлектрдын» башкы директору болуп дайындалган. Ага чейинки директор Искендер Кадыркулов арыз жазып, компаниядан кеткен.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Бекмурзаев «Талас облустук кыргыз күрөшү федерациясы» коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал ошондой эле «Ошэлектро» компаниясынын тең түзүүчү акционерлеринин бири болуп эсептелет.