Американын дипломаттары АКШ аскерлери Ооганстандан чыгып жаткан шартта Борбор Азиядагы аскер базаларын кайра кайтаруу жолдорун карап жатат. Анын ичинде Бишкектеги «Манас» авиабазасы дагы бар.
Бул тууралуу New York Times басылмасы «Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) Ооганстанга жакындоонун жаңы амалын издеп кыйналууда» деген макаласында билдирди.
«Ооган өкмөтүнүн Америка аскерлери чыгарылгандан кийинки тагдыры бүдөмүк — көпкө деле узабайт. Ага көмөк көрсөтүү үчүн Ооганстанга жакын өлкөлөрдүн биринде аскер базасы болушу керек», — деп билдиришкен макаланын авторлору Марке Мазетти менен Жулиан Бернесем.
ЦРУ жакында аскердик милдеттерин аткарып, дрондордон чабуул жасап жүргөн Ооганстандагы базаларынан кол жууйт деп айтылат макалада. АКШ бул өлкөдө дээрлик 20 жыл болуп, «Талибан»* кыймылы, ошондой эле башка «Аль-Каида»* жана «Ислам мамлекети» сыяктуу топтор менен күрөшүп келет.
*Бул топтор дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде, ошондой эле АКШ менен Кыргызстанда дагы террористтик уюм катары таанылган.
New York Times басылмасынын макаласына ылайык, Кошмо штаттардын расмий адамдары Ооганстанга жакын базаларды издөө боюнча аракеттерди көрүп, мурдагы советтик республикалардагы базазаларга жеткилик алуу жолдорун дагы караштырып жатышат.
Издөө иштери 2020-жылдын 28-февралында АКШ, анын союздаштары жана Коалиция талибдер менен Ооганстанда согушту токтотууну макулдашкандан кийин башталган.
Алар келишим түзүшкөн, ага ылайык, талибдер бир катар шарттарды аткарышат, негизинен Ооганстандын өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн башташат. Анын ордуна АКШ 14 айдын ичинде Ооганстандын аскер күчтөрүн чыгарып кетет. Аталган 14 ай деген мөөнөт 2021-жылдын мартында аяктаган.
АКШнын Азиядагы аскер базалары
Мурда Кыргызстанда «Манас» аэропортунун аймагында АКШнын авиабазасы болгон. Ал 2001-жылдын декабрь айынан 2014-жылдын 3-июнуна чейин иштеп турган. База АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы аскерий операцияларын колдоочу негизги логистикалык жана транспорттук түйүн болчу.
Алгач ага 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йорктун борборундагы Дүйнөлүк соода борборунун эгиз-мунараларын өчүрүү учурунда набыт болгон өрт өчүрүү кызматкери Питер Гансинин ысымы ыйгарылган.
2009-жылы, ошол кездеги президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын өкмөтү «Манастагы» америкалык аскер базасын жабуу чечимин кабыл алганын билдирген. Бакиевдин айтымында, буга акыркы жылдары чечилбей келген америкалык базанын Кыргызстандын аймагында жайгашуусу үчүн экономикалык кенемте маселеси жана америкалык аскер кызматкери тарабынан кыргызстандык жарандын өлтүрүлүшү себеп болгон.
Анда база толугу менен жабылган эмес, бирок «Манас» Транзиттик жүк ташуу борборуна айланган.
Андан соң Кыргызстандын бийлиги бир нече жолу база жабылары тууралуу айткан, ал эми 2013-жылы парламент транзиттик жүк ташуу борбору боюнча келишимди жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган. Мындан улам 2014-жылы АКШ менен маклдашуу аягына чыккан жана ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев келишимди узарткан эмес.
Жабылгандан кийин базанын аймагы менен инфраструктурасы Кыргызстандын Улуттук гвардиясына өткөрүлүп берилген.
Өзбекстандагы авиабаза дагы көпкө иштеген жок. Ал 2001-жылы ачылып, бирок 2005-жылы «Карши-Ханабад» аэродромунан Американын акыркы учагы учуп кеткен.
2005-жылдын 29-июлунда Өзбекстандын ТИМи америкалыктар базадан жарым жылдын ичинде чыгып кетиши керектигин, себеп дегенде «АКШнын Өзбекстандын аймагында жайгашкан Аскерий аба күчтөрүнүн ишин узартууга себептер жок» деп билдирген.
Өзбекстандын бийлиги «аэродром АКШга 2001-жылы кол коюлган келишимдин негизинде Ооганстанда издөө-куткаруу жана гуманитардык операцияларды жүргүзүү үчүн берилген деп билдирген. Өзбекстан өз милдетин аткарганы менен АКШ айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндын ордун толтуруп берген эмес» деп белгилеген.
Ошондой эле АКШ көп жылдар бою Пакинстандагы базаны колдонуп келген, бирок америка-пакистандык мамилелер начарлап кеткенден кийин, 2011-жылы ал дагы жабылган. Бул эки өлкө 2001-жылы 11-сентябрдагы «Аль-Каиданын» терракттарынан кийин тыгыз кызматташа баштаган.
Бирок 2011-жылы 26-ноябрда НАТОнун жаңылыш авиасоккусунан 24 пакистандык аскер кызматкери набыт болгон. Бул окуядан кийин дароо эле Исламабад АКШнын учактарын Пакистандын аймагынан чыгарууну буюрган.