Видео: «Манас» транзиттик жүк ташуу борбору Кыргызстандагы миссиясын аяктоодо

«Манас» транзиттик жүк ташуу борбору 3-июнь күнү Кыргызстандагы миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу расмий салтанат өткөрдү.

 

Кыргызстанда 2001-жылдан бери кызмат өтөп жүргөн «Манас» транзиттик жүк ташуу борборундагы америкалык аскер кызматкерлери Кыргызстандагы миссиясын аяктап жатышат.

Борбордун жабылуусуна арналган расмий салтанат 3-июнь күнү болду. Анда транзиттик жүк ташуу борбордун жетекчиси базанын символикалык ачкычын Кыргызстандын бийлигине тапшырып, 30 млн. долларлык имарат жана жабдууларды таштап кете тургандыгын билдирди.

Америка аскер кызматкерлери «Манас» транзиттик борборун 2014-жылдын 11-июлуна чейин биротоло таштап кетишет.

«Манас» транзиттик жүк ташуу борборунан америкалык аскер кызматкерлери кеткенден кийин алардын ордун Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын кызматкерлери ээлеши мүмкүн — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде мекеменин басма сөз катчысы Таалайбек Мырзабаев билдирди.

«Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлери бул борборду кайтарууга алат, анан андагы имарат, техника, жабдуулардын бардыгы тең бөлүштүрүлөт, бизге кайсыл бир бөлүгүн же толугу менен берүүлөрү мүмкүн — аны өкмөт чечет, ошондуктан биз азырынча кайтарууга гана алабыз», — деди басма сөз катчы.

Алгач база АКШ менен анын союздаштарынын Ооганстандагы аскердик өнөктүктөрүн колдой турган авиабаза катары пайдаланылып келген.

2009-жылдын ортосунан тарта база «Манас» транзиттик жүк ташуу борбору деп аталып, ошондон бери Ооганстандан жүргүнчүлөр менен жүктөрдү ташуу, ошондой эле учактарга асмандан май куюу үчүн пайдаланылып келет.

Бийликтин баамында, базанын ижара мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргызстан жыл сайын түшүп туруучу 60 млн. долларга чукул каражат жоготушу мүмкүн.

Бийликтегилер бул каржылык жоготууларды Кара-Балтадагы кытайлык мунай иштетүүчү заводдон түшкөн салык төлөмдөрүнүн эсебинен толуктоону көздөп жатышат.