Бир эле адам эки жолу президенттикке шайланса болот. Мыйзамга түзөтүү киргизүү сунушталды

Президенттин сайтында 29-майда «Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору жарыяланган. Ал жакын арада парламентке жөнөтүлөөрү айтылат.

Мыйзам долбоорунда бир эле адамды эки мөөнөткө президент кылып шайлоого уруксат берүү сунушталат — жаңы Конституцияда дагы ушундай жазылган. Бир президенттик мөөнөт беш жылга барабар.

2010-жылдан бери бир эле адам өлкө президенттигине эки жолу шайлана албай калган. Өлкө башчысы алты жылдык мөөнөткө шайланчу.

Конституцияны өзгөртүүнү Садыр Жапаров демилгелеген. 11-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Жалпы элдик сурамжылоого келгендердин саны болгону 36,6%ды түзгөн. Жаңы баш мыйзамды добуш берүүгө келген шайлоочулардын 79,3%ы колдогон.

Садыр Жапаров жаңы Конституцияга 5-майда кол койгон — бул убакта өлкө Тажикстан менен болгон чек ара жаңжалынан жаңыдан гана чыккан болчу, жаңжалда 36 адам каза тапкан.

Жаңы Конституция президенттин ыйгарым укуктарын кыйла кеңейткен.Өлкөнүн Негизги мыйзамына ылайык, президент — бир гана өлкө башчысы эле эмес, ал өлкөнүн аткаруу бийлик бутагын жетектеп, министрлер кабинетинин түзүмүн аныктайт.

Жаңы Конституция кабыл алынды, эмнелер өзгөрөт?

Эгемен Кыргызстандын 25 жылдык тарыхында өлкөнү төрт президент башкарган. Ал эми Конституция тогуз жолу өзгөртүлгөн. Дээрлик ар бир өзгөртүүнү өлкө башчылары жарандардын талабы деп түшүндүргөнү менен иш жүзүндө ал башкаруучулардын кызыкчылыгына гана ылайыкталган.

Мисалы, Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев 2003-жылы Конституцияга түзөтүү киргизип, өлкө башчысы эки мөөнөттөн ашык шайланеа алат деген ченемди киргизген. Ал өлкөнү 15 жыл башкарып, кийин тактан кулатылган.

Кийинки президент Курманбек Бакиевдин убагында 1993-жылдагы Конституция кабыл алынган. Ага ылайык, президент катары менен эки мөөнөттөн ашык шайланууга укугу жок болчу.

Бакиев дагы башкаруунун экинчи мөөнөтүндө кулатылган. 2010-жылдагы революциядан кийин Конституцияга бир эле адам бир эле жолу алты жылдык мөөнөткө президент болуп шайлана алат деп жазылган.

Акаев менен Бакиев — Кыргызстанды бир мөөнөттөн ашык башкарган президенттер.