41 жаштагы Дилбар Касымова Ош шаарында Анар кичи районундагы №19 көп кабаттуу үйдө жашайт. Аталган турак үй өкмөт тарабынан 2010-жылы Ош коогалаңында жабыркагандар үчүн курулган. Касымова июнь окуясында жолдошунан, кайненесинен жана кайнежесинен ажыраган.
Кошуналар менен эскерүү
«Бул үйгө көчүп келгениме быйыл он жыл болду. Ар жылы ушул үйдө жашагандар топтолуп, түлөө кылып турчубуз. Мэриядан да өкүлдөр келип, куран окутуп кетишет эле. Бирок быйыл эмнегедир эч нерсе уюштурулган жок. Өткөндө угуп калдым, ар жылы мэриядан эскерүү ишине акча бөлүнүп турчу экен, анан ошол акчага биз уюштурчу экенбиз. Ал каражат он жыл убакытка чейин каралган экен, быйыл 11-чи жыл болгон үчүн токтогон окшойт, бирок мен домкомдон кызыгып кирип сураганга убактым болгон жок», — дейт Касымова.
Эскерүү иш-чарасы өткөн жылы да коронавирус пандемиясына байланыштуу уюштурулган эмес. Касымованын айтымында, жыл сайын 10-июнда ал түшкө чейин кошуналары менен бирге куран окутуп, түштөн кийин кайненеси жашаган үйгө барып туугандары менен биргеликте эскеришчү.
«Мэриядан каражат бөлүнбөсө да, кошуналар менен бирге каза болгон жакындарыбызды эскере албасак да, биз үй-бүлөбүз менен түлөө өткөрүп тура беребиз. Бирок бул он жыл ичинде эле эскерилип, анан токтотула турган иш эмес эле деп эсептейм, канча убакыт өтсө да бул унутулбай турган окуя болчу. Бул уланышы керек болчу», — дейт Касымова.
«Кээде мага жолдошум тирүү богондой сезиле берет»
2010-жылы 5-июнда Дилбар Касымованын кенже уулу төрөлгөн. Мындан улам ал үч кызы жана жаңы төрөлгөн ымыркайы менен төркүнүнө кеткен. Ал ата-энесинин үйүнө кеткендиги үчүн да балдары менен аман калдым деп эсептейт. Ошол учурда Касымованын эң уулу кызы 10 жашта, андан кийинки кызы 8, кичүү кызы 3 жашта болчу.
«Ошол учурда күйүп кеткен үйдө биздин үй-бүлө, кайненем жана кайнагам үй-бүлөсү менен жашачу. Үйүбүз күйө баштаганда кайнагам үй-бүлөсү менен качып чыгып кеткенге үлгүргөн, кайненем болсо инсульт болуп төшөктө жатчу тура албай, жертөлөөдө калып кеткен. Аны менен бирге жолдошум жана кайненежем да болгон. Жолдошумду ооруканага жеткиришкен экен, бирок баары бир жашаган жок, 12-июнда 34 жашында каза болуп калды. Кайнежем менен кайненем 10-июнда эле үйүбүз күйгөндө мерт кетишкен экен», — деп жашыды Касымова.
Касымова билдиргендей, жолдошу он жылдан ашуун мэрияда айдоочу болуп иштеген, андан кийин кичи автобус алып аны менен жүргүнчүлөрдү ташып эмгектенген. Жолдошу каза болгон учурда Касымова 30 жашта болчу.
«Азыр ачыгын айтсам ошол күндү эч эстегим келбейт [ыйлап...] балдарым кээде атамдын кандай экенин айтып бериңизчи дешет, бирок айтуу мага кыйын [...] Каза болгон жылдары улуу кыздарым “ата келиңизчи” деп ыйлап жүрүштү, кичүү кызым анча билбейт эле. Кыздарым аталап ыйлаганда өзүмдү коёрго жер таппай калчумун. Эң кичине уулум атасын көрбөй калса да, тили “ата” деп чыкты, ошондо апам айткан эле, бала атасын көрбөй калса да жүрөгү менен сезет деп», — дейт Касымова.
Коогалаңдан кийинки жашоо
«Окуя болгонго чейин кайненем жана жолдошум болуп жашаган үйдөн төркүнүмө кеткен боюнча ал үйгө кайтып барбадым. Анткени ал үйдөн эч нерсе калган эмес болчу, баары күйүп кеткен эле. Бир жылга чейин төркүнүмдө жашап, анан бул үйүмө көчүп келдим», — дейт Касымова.
Ал үч бөлмөлүү батирине 2011-жылдын 21-июлунда биринчилерден болуп төрт баласы менен көчүп келген. Ошол күндү ал кубануу менен эскерет, анткени дал ошол күнү жолдошунун туулган күнү болгон. Анын айтымында, 3 айга чейин көп кабаттуу үйдө балдары менен жалгыз жашаган. Себеби үй алып, бирок көчүп келгенден кооптонуп жүргөндөр болгон.
«Мени менен байланышка чыккандар да болгон, “кандай жер экен? жашасак болот бекен?” деп, анан мен сурагандарга айтат элем “келгиле жашайлы, жакшы экен” деп. Ошентип бирден-экиден келип отуруп көбөйдү. Азыр домдун ар бир батиринде жашоочулар бар. Кошуналар баары жакшы, шерине ойноп турабыз [күлүп], кыргыз-өзбек деп бөлүнбөй аралаш жашап, катташып турабыз», — дейт кубанып Касымова.
«Бизге тынчтык гана керек»
Төрт жашы жете элек балдары менен жалгыз калган Дилбар Ош коогалаңынан кийин «эми балдарымы кантип багам?» деген суроо менен кыйналгам дейт. Ал орто мектепти аяктагандан кийин кесиптик билим албай калган. Орусияга миграцияга кетүүнү ниет кылганы менен, балдарын таштап кете алган эмес.
«Ачык айтсам балдарымды багуу үчүн үч жерде пол жууп эки жылдай жүрдүм. Анан 2014-жылы медицина колледжине окууга кирип, 3 жыл күндүзгү бөлүмдө окудум. Ал ортодо балдар ооруканасында кир жууп, каражат таап жүрдүм. Ошол эле учурда укалоо жана компьютер курстарына да окудум. Алла мага күч кубат берди деп ойлойм, азыр эми №4 поликлиникада медайым болуп иштеп жатам. Баарына шүгүр кылам», — дейт ал.
Ошондой эле, ал жашоосу бир калыпка түшүп кетүүсү үчүн төрт баласына мамлекет тарабынан берилчү жөлөк пул көмөк болгонун кошумчалайт. Жөлөк пулду жолдошу каза болгондугуна байланыштуу алып турган.
«Улуу кыздарыма азыр жөлөк пул токтотулган, анткени алар 16 жаштан өттү. Учурда эки кичине балдарыма алып жатам. Жолдошум болгондо баарын өзү кылмак да, ал жок болсо да балдарым үчүн баары бир жашаш керек. Балдарым чоңоюп калышты, эки улуу кызымды турмушка узаттым, эки небере көрдүм, азыр колумда кызым менен уулум бар», — дейт.
Дилбар Касымова июнь окуясына күнөөлүүлөр жазага тартылуусун каалайт. Анын айтымында, ал учурда улуттар аралык жаңжал болгон эмес, кызыкчылыгы бар кишилер чырды уюштуруп, андан кийин улуттар аралык жаңжал болгондой көрсөтүшкөн. «Бирок 11 жылдан бери күнөөлүүлөр табылбады, жазаланбады [...] Болгону мындай окуя кайталанбаса экен дейм, бизге тынчтык гана керек» дейт ал.
Этникалык кагылышуу
2010-жылдын 10-июндан 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган.
Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.
Июнь коогалаңын иликтеген Кильюнендин эл аралык комиссиясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 470 адамга жеткен. Алардын ичинен 74%ы өзбектер, 25% кыргыздар, ал эми бир пайызды башка этникалык топтун өкүлдөрү түзгөн. Көз жумгандардын 67%га жакыны октон жаракат алган.
«Бул окуялардын жүрүшүндө миңдеген адамдар жаракат алган. Саламаттык сактоо министрлиги 1900 адамга ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүлдү деп айтышкан. Бирок жабыркагандардын саны мындан бир топко көп болушу мүмкүн. Ооруканалардагы айрым медициналык жардам көрсөтүүлөр катталган эмес», — деп айтылат комиссиянын отчетунда.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнь айындагы коогалаңда 400дөн ашуун адам көз жумган, миңден ашуун адам жаракат алып, материалдык чыгым 2,2 млрд деп бааланган.
Тема боюнча: