COVID-19: Коронавирустун жаңы 526 учуру катталды, 7 киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

11-июнда коронавирустун жаңы 526 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 488, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 38. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 232;

Чүй облусунда — 43;

Ысык-Көл облусунда — 25;

Ош шаарында — 101;

Ош облусунда — 63;

Жалал-Абад облусунда — 31;

Талас облусунда — 5;

Баткен облусунда — 17;

Нарын облусунда — 6.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 109 193кө жетти.

Ал эми акыркы суткада 303 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 176, Чүй облусунда — 46, Ош шаарында — 22, Ош облусунда — 13, Талас облусу — 3, Ысык-Көл облусунда — 23, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда — 3, Нарын облусунда — 9 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 102 018 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 921 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 568 киши оор, 81 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 080 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 952.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — алты, Чүй облусунда — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1876 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 20 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — 7, Чүй жана Жалал-Абад облустарында — экиден, Ош шаарында — сегиз, Ош облусунда — бир медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 834кө жетти, анын ичинен 4 662 медкызматкер илдеттен айыкты.