Лейлек: Аскердик шаарча курулуш компания тандала электигинен улам курулбай турат

6-май. Президент Садыр Жапаров аскердик шаарчанын курулушуна капсула салып жатат.

Баткен облусунун Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушу жалданма ишкана тандала электигинен улам башталбай турат. Мындай маалыматты 11-июнда Коргоо министрлигинен билдиришти.

«Аскер шаарчасын куруу үчүн жер тилкеси трансформацияланып, укуктук документтер алынган. Инженердик-геологиялык, топографиялык изилдөө аяктап, архитектуралык-пландоо, инженердик-техникалык шарттар такталган, долбоордук-сметалык документтер даярдалууда», — деп кабарлашты министрликтен.

10-июнда аталган шаарчанын курулушу президент Садыр Жапаров капсула салып кеткенден кийин башталбай турганы боюнча тасма тараган. Анда видеонун автору президент кеткенден кийин курулуштун токтоп калганына нараазы болуп, эмнеге курбай жатышат деп суроо салган.

Президент аталган курулуштун пайдубалын түптөө үчүн капсуланы 6-майда Баткенге болгон иш сапарында салган. Анда ал Маргун айылынын тургундары менен жолугушуп, чек ара анын ишиндеги «эң маанилүү маселе экенин» айткан. Бирок анда курулуш качан аяктаары тууралуу сөз болгон эмес.

Ошондой эле Жапаров калыбына келтирүү иштери боюнча жергиликтүү органдарга тапшырмалар берилгенин, аны координациялоону «өз көзөмөлүнө алаарын» убадалаган.

28-29-30-апрелде Баткен облусунлда тажик аскерлеринин куралдуу агрессиясынан улам тургундардын 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн — анын ичинде үч чек ара заставасы бар.

Баткен: Президент 6-майда капсула салган объекттин курулушу алигече башталбай турат