Бишкек: Октябрь окуясында жабыркагандар кайрадан митингге чыгышты

Бишкекте, Өкмөт үйүнүн жанында 14-июнда 2020-жылдын октябрь окуяларынын катышуучулары тарабынан түзүлгөн «Кыргыз үмүтү» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү митингге чыгышты.

Алар мурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну жана ИИМ менен УКМКнын мурдагы башчылары Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевди жоопко тартууну талап кылышууда.

Митингге чыккандар «Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев элин атканы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек», «Сооронбай Жээнбеков “экс” макамына татыктсыз», «5-6-октябрда жабыркагандарга дарылануу, реабилитация жана операция керек. Буга ким жооп берет?» деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

«Жарадар болгондорго ким жооп берет? Жаш жигит Үмүтбектин өлүмү үчүн ким жооп берет? Териштирүүнү талап кылабыз», — деп айтышат митингчилер.

*Бишкекте 5-6-октябрдагы нааразылыктар учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алдынбек уулу каза тапкан. Ал жашоого сыйышпас жарадар болуп, Улуттук госиталдын реанимация бөлүмүндө көз жумган.

«Кыргыз үмүтү» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү буга чейин да митингге чыгып, октябрь айындагы нааразылыктарда болгон окуяны адилеттүү териштирүүнү талап кылышкан.

«Өткөн жылы Садыр Жапаров президент болуп калсам сөзсүз жардам берем деп убада берген. Ооба, чынында башында жардам берилди, бирок бул жетишсиз. Биздин бирикмеге 170ке жакын адам мүчө болгон, ондон ашыгы көзүнөн айрылган. Алардын бирөө жакында эле комадан чыкты. Калгандары ооруканадан башы чыкпай жүрөт, дарылануу үчүн кредит алгандары да бар. Көпчүлүгүнө операция жасалышы керек. Бизге ким жардам берет? 19 жаштагы Үмүтбектин өлүмүнө ким жооп берет?» — деп билдирген мурдагы митингде бирикменин башчысы Алмазбек уулу Саламат.

«Кыргыз үмүтү» өлкөдө бийлик алмашуусуна алып келген октябрь окуясына революция мамакамын берүүнү февраль айында эле талап кылган болчу. Митингге катышкандар бийликтен «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Биримдик» парттяларынын иш-аракетине ар тараптуу жана көзкарандысыз укуктук баа берүүнү талап кылышкан.

Алардын пикиринде, шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө жана 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоо учурунда мыйзам бузууга жол бергендердин баары мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылышы керек.Октябрь окуясында жабыркагандар «Шумкарлар» деген да бирикме түзүшкөн, ага 29 адам кирген. Ага көбүнчө көзүнөн жарадар болгондор кирген.

Бирикме мүчөлөрү Башкы прокуратурага Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн арыз жазышкан. Алардын пикиринде, экс-президент эч кандай чара көргөн эмес жана күч түзүмдөрүнө өз элин атайын каражат жана көздөн жаш агызуучу снаряддар менен атып кубалап чыгууга буйрук берген.

Ошондой эле кыргызстандыктар алган жаракаттарынан улам иштей албай же үй-бүлөсүн камсыздай албай калышканын, андыктан аларга узак дарылануу керектигин, бирок дарыланууга да каражаты жоктугун айтып арызданышкан.

Ошондой эле жабыркагандар Beeline, O! жана MegaCom байланыш операторлорунун үстүнөн дагы Башкы прокуратурага арыз жазышкан. Алардын ою боюнча, мобилдик операторлор 6-октябрга караган түнү сигналды басаңдатышкан. Жыйынтыгында жабыркагандар тез жардамга телефон чала албай калган.

Октябрь окуялары

5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин массалык митинг башталган. Шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган миңдеген адам митингге чыккан.

Митингдин катышуучулары шайлоо мыйзамы бузулганын, айрым партиялар добуш сатып алышканын жана админресурс колдонушканын айтып чыгышкан. Нааразычылыктар митингге чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Митингчилерди үн чыгаруугу граната, суу аткыч жана желим октор менен кууп таркатуу болгон. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун адам медициналык жардам алган, алардын ичинен 439 митингчиге биринчи меджардам көрсөтүлгөн.

Ондогон ыктыярчылар парламент имаратын жана башка мамлекеттик объектилерди курчоого алып, аларды митингчилердин талоончулук менен талкалоосуна жол бербей коргоп калышкан.

Бирок митингчилер экинчи аракеттен соң Ак үйдү басып алып, эмеректерин талкалап, өрт чыгарышкан.

Мындан тышкары, борбор калаанын көчөлөрүндө милициянын бир нече унаасы өрттөлгөн. Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жараатарынан улам көзүнөн айрылгандар да бар.

Нааразычылыктардын шарданы менен абактагы айрым саясатчылар, анын ичинде парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаров эркиндикке чыккан. Абактан чыккандан кийин Жапаров өзүн-өзү премьер-министрлик кызматка дайындап, андан соң тарапташтарынын кысымы менен алтынчы чакырылыштын депутаттары аны бул кызматка бекитишкен.

Кийин Жапаров коркутуп-үркүтүүнүн арты менен президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирип, анын ордун ээлеп алган.

2021-жылдын 10-январында кезексиз президенттик шайлоо өткөн. Жапаров шайлоочулардын 79,2% добушуна ээ болгон. Кийинчерээк 28-январь күнү филармонияда анын инаугурациясы өткөн.

Материалды Нурсултан Үсөнов даярдады.