Ош: Шайлоо алдындагы жыйында БШКнын төрайымы милициянын ишин сынга алды

Сүрөт: "Турмуш"

14-июнда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана калаа башчысы Таалайбек Сарыбашовдун катышуусунда шаардык кеңешке кайрадан өтчү шайлоо боюнча жыйын өттү.

БШКнын төрайымы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо Ош шаарында административдик ресурс, шайлоо комиссиясынын ишине кийлигишүү, үгүт эрежелерин бузуу боюнча 170 арыз келип түшкөнүн айтып, бул «көп» деп белгиледи.

«Укук коргоо органдарына шайлоочулардын шайлоо укугун коргоо, шайлоо учурда коомдук тартипти сактоо боюнча тапшырма берилип жатат. Өткөнкү шайлоодо укук коргоо органдарынын ишин эффективдүү деп айта албайбыз», — деди ал.

*Ош шаарынын башчысы 2-июнда президент Садыр Жапаров менен жолуккан. Анда Жапаров Таалайбек Сарыбашовго шайлоодо админресурска жол бербөөнү тапшырган. Президент жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо жергиликтүү жетекчилер мыйзам бузууларга жол бергенин сынга алган.

Андан сырткары, жыйында Ош шаарында 11-июлда өтчү шайлоого карата Ош ШИИБиге төрт арыз келип түшкөнү белгилүү болду. Анын үчөө мектепте админресурстун колдонулушу боюнча, дагы бир арыз муниципалдык ишкананын жетекчилиги «5 миң сомдон таратып жатат» деп жазылган.

Арыздар менен Ош ШИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысы Ашим Раимбердиев тааныштырды. Раимбердиевдин айтымында, бир арыз калаадагы №5312 шайлоо тилкесинде мектеп директору комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн мугалимдер түзгөндүктөн, аларга басым жасап жатканы боюнча түшкөн.

Экинчи арызда №5283 шайлоо тилкесинде Терешкова мектебинде админресурс колдонулуп жатканы айтылган. Үчүнчү арыз дагы мектептеги админресурс менен байланыштуу.

Төртүнчү арызда «“Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары Талант Байкишиев Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында 5 миң сомдон таратып жатат”» деп жазылган.

Раимбердиев төрт арыз боюнча тең сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын белгиледи.

Укук коргоо органдарына биринчи жолу эле сын тагылып жаткан жок — буга чейин БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев шайлоодо Ош шаардык милициясынын жана прокуратурасынын иши шек жаратарын билдирип, эмне үчүн борбордук бийлик тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн эмес деп нааразы болгон.

11-апрелде өткөн шайлоодон кийин ИИМ Ош шаары боюнча алты иш тергелип жатканын билдирген. Добуш сатып алуу фактысына байланыштуу 12 арыз түшкөн. Анткен менен 11 учур боюнча маалымат такталган эмес.

Ош шаардык кеңешине 11-июлда өтчү шайлоого тогуз партия катышуу ниетин билдирди. Анын ичинде алты партия — «Ынтымак», «Улуу-Журт», «Бир бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» — кайрадан катышууга арыз жазды.

11-апрелде өткөн шайлоодо алты партия «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын админресурс колдонууга жана добуш сатып алууга айыптаган — партиянын курамынын 42% пайызы мамкызматкерлерден турган.

Ош: Мамкызматкерлер жана «Биримдик» менен байланышы барларды жыйнаган «Ата-Журт Кыргызстан»