Акыркы суткада коронавирустун жаңы 514 учуру катталды, 6 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

15-июнда коронавирустун жаңы 514 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 452, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 62. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 234;

Ош шаарында — 110;

Чүй облусунда — 80;

Ош облусунда — 34;

Жалал-Абад облусунда — 13;

Баткен облусунда — 17;

Ысык-Көл облусунда — 14;

Нарын облусунда — 7;

Талас облусунда — 5.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 111 343кө жетти.

Ал эми акыркы суткада 367 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 188, Чүй облусунда — 62, Ош шаарында — 40, Ош облусунда — 22, Талас облусу — 2, Ысык-Көл облусунда — 25, Жалал-Абад облусунда — 20, Баткен облусунда — 3 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 103 257 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 052 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 563 киши оор, 100 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 3 080 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 903.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — төрт, Чүй жана Ысык-Көл облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 905 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 14 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында, Чүй жана Баткен облустарында — үчтөн, Ош шаарында, Ысык-Көл жана Талас облустарында — бирден, Ош облусунда — бир медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 920га жетти, анын ичинен 4 691 медкызматкер илдеттен айыкты.