Марипов Чүй облусунда сугат суунун тартыштыгына байланыштуу маселени чечүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 14-июнда Чүй облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгы менен кеңешме өткөрдү. Анын айтымында, сугат суусуна байланыштуу абал оор, аны тез арада чечүү керек.

«Фермерлер сугат суунун жетишсиздигине байланыштуу кооптонуусун билдирүүдө. Мен аларды түшүнүп турам. Сугат суунун таңкыстыгы түшүмдүн жыйым-теримине кедергисин тийгизет. Мындан чыгуунун жолдорун табуу керек», — деди ал.

Марипов Чу дайрасына тоодон куйган булактардын азайгандыктан маселе жаралганын белгиледи. Мындан улам, анын айтымында, ЧЧК каналынын батыш тарабында сугат суусунун тартыштыгы жаралган.

«Бирок жалпылап чечүүчү башка көйгөйлөр да бар. Суунун аздыгына шылтоолоп отура бербеш керек. Биз жакшы түшүм алуу үчүн дыйкандарды суунун тийиштүү көлөмү менен камсыздообуз керек. Бул азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселе», — деди Марипов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев «өткөрүү жөндөмдүүлүгү бүгүнкү талаптарга туура келбей калган» эски советтик сугат каналдары негизги көйгөйлөрдүн бири экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Жунушалиев суунун тартыштыгы каналдардын айрым борпоң топурактуу тилкелериндеги жогорку фильтрациядан улам келип чыгууда деп белгиледи.

«Көйгөй жаралып жатса, аны чечүү керек. Ооба, ага акча каражаты керектелет. Эгерде бул маселени бүгүн чечпесек, эртен бүтүндөй өлкө жоготууга кептелет», — деп жооп кайтарды Марипов.

Ал долбоордук сунуштарды ыкчам иштеп чыгуу максатында ирригациялык тармактарды өркүндөтүү боюнча кыска мөөнөттө сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы сугат суусуна байланыштуу кырдаалдан улам Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеевге сөгүш жарыяланганын кошумчалады.

Соцтүйүндүн колдонуучулары айдоо жерлеринде курч абалды видеого тартып чыгарышууда. Алардын айтымында, жакын арада айыл-чарба өсүмдүктөрү сугарылбаса түшүмдөн кол жууйбуз.

Суу тартыштыгы

14-июнда Бишкекте Чүй облусунун дыйкандары митингге чыккан. Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Төмөнкү-Чүй жана Камышанов айыл өкмөттөрүнүн 300дөн ашык тургуну бийликтен кургакчылыкка көңүл бурунуу суранышкан — айдоо жерлеринде түшүм жок болуу коркунучунда.

Митингге чыккандар жакынкы 7-10 күндө суу келбесе эгин күйүп кетерин айтышкан. Бул бир гана чыгымдарга эмес, Бишкекти азык-түлүк менен камсыздоого кедергисин тийгизет. Ушундай эле билдирүүнү дыйкандар өткөн аптанын аягында дагы айтып чыгышкан, бирок айдоого сугат суусу келген эмес.

Мындан тышкары, митингчилер өлкө бийлиги сууну Казакстан менен Өзбекстанга коё берип жатканына нааразы болушкан. «Электр станциялар» ишканасы коңшу өлкөлөр менен март айында эле келишим түзүлгөнүн айтып түшүндүрүшкөн. Ага ылайык, Кыргызстан коңшу өлкөлөргө 2023-жылга чейин суу агызып турат, анын ордуна Кыргызстан электр энергиясын алат.

Кыргызстандагы суу тартыштыгы 2020-жылы күчөгөн. Бийлик Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайып кеткенин айтышкан.

Республика 2020-2021 күз-кыш мезгилин жыйынтыктады, бирок Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли азая берген. Ал тургай качандыр бир кезде суу алдында калган мүрзөлөргө көмүлгөн сөөктөр, сууга чөгүп кеткендердин сөөктөрү жээкке калкып чыккан.

Тема боюнча: Кургакчылык. Суунун бир бөлүгү Казакстан менен Өзбекстанга электрдин акысына берилип жатат