Баткен: Жол кырсыгынан өзбек жараны каза таап, эки адам жандандыруу бөлүмүнө түштү

Сүрөт: ӨКМ

Ош — Баткен жолунун 158-чакырымында 16-июнь күнү жол кырсыгы катталып Өзбекстандын жараны каза тапты. Андан сырткары экөө оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү.

ӨКМден билдиришкендей, кырсык аталган жолдун Кадамжай районундагы Жаңы-Чек айылынын аймагында орун алган. Төрт киши бараткан BMW үлгүсүндөгү жеңил унаанын дөңгөлөгү жарылып, жолдун четине чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жеринде 43 жаштагы киши мерт кеткен — ал Өзбекстадын жараны болгон. Дагы эки кишини Тез жардам кызматы Кадамжай аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып кеткен.

Июнь айынан бери дээрлик күн сайын адам өмүрүн алган кырсыктар

Ушуну менен расмий маалымат боюнча июнь айында жол кырсыгынан 18 киши каза тапты — бир күн мурда Ысык-Көлдөгү Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа оодарылып, эки киши мерт кеткен. Бир киши жаракат алып анын абалы оор деп бааланууда.

Ал эми 13-июнга караган түнү Ош — Баткен жолунда жеңил унаалар кагылышып, алты киши каза тапкан — анын төртөөсү жаш бала, дагы алты киши жаракат алып ооруканага түшкөн.

12-июнда болсо Бишкек — Ош жолунун 497-чакырымында «Мерседец-Бенц» оор жүк ташуучу унаасы менен «Хонда Одиссей» унаасы кагылышып, кесепетинен алты адам жеринде мерт кеткен.

Бул күнү дагы бир кырсык катталган — Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылындагы жол четинде токтоп турган «Фольксваген-Пассат» жеңил унаасын «Мерседец-Бенц» оор жүк ташуучу унаасы артынан сүзгөн. Анда айдоочу рулду башкара албай калган.

Кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги 33 жаштагы аял 4 жана 1 жаштагы кыздары менен жеринде каза тапкан. Анын 6 жаштагы баласы ооруканага жеткирилген.

Ал эми 4-июнь күнү Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы жолдо Садыр Жапаровду коштогон унаалардын бири аварияга учураган. Анда президенттин дарыгери каза таап, үч адам жабыркаган. Жапаров өзү башка унаада болуп, жабыркаган эмес.

Жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам президент 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар копмплексин күчөтүүнү тапшырды.

Ал жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.