Президент Жапаровдун кортежи кырсыкка учурап, УКМКнын кызматкери каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Ысык-Көл облусунда президент Садыр Жапаровду коштогон унаалардын бири кырсыкка учурап, УКМКнын кызматкери каза тапты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 4-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы унаа жолунда болгон. Анда мамлекеттик күзөттүн унаасы жолдун каршы тилкесине чыккан машина менен сүзүшкөн. Натыйжада үч адам жабыркаган.

Алдын ала маалымат боюнча, жеңил унаанын айдоочусу мас абалында болгону айтылат.

«Кактус» басылмасы болжол менен кырсыкка кабылган айдоочу жана анын жүргүнчүсүнүнө дарыгерлер жардам берип жаткан тасмасын жарыялады. Анда унаада отурган аял Чолпон-Ата шаарынан тойдон кайтып жатканын айтат.

Ошондой эле басылма өлкө башчы отурган унаа кырсыктан жабыркабаганын жан окуя болгон жерден кеткенин жазды. Учурда Ананьевонун жолу тосулуп, ал жерде милициянын ыкчам-тергөө тобу иш алып барууда.

2021-дылдын 4-июнунда Ош облусунун Чоң-Алай районуна бараткан Коргоо министрлигинин тик учагы дагы шашылыш конууга аргасыз болгон. Вертолетто 15 аскер болгону, алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди коштоп баратканы маалымдалган.

Коргоо министрлиги шашылыш конуу учурунда үч адам жабыркаганын билдирген, бирок ЖМКлар кырсыкта 13 аскер жарадар болгонун жазышты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кичи-Алайда аскердик тик учак шашылыш конууга аргасыз болду