Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылындагы такталбаган аймакта тажик аскерлери тарабынан кармалып, кайра коё берилген укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева журналист Ыдырыс Исаковго 16-июнда маек курду.
Анда активист «тажик аскерлери кандайча аны Тажикстандын аймагына алып өткөнүн», аны бошотуу үчүн жакындарынан «1000 доллар акча талап кылганын жана капчыгындагы 10 миң сому жоголгону боюнча» айтып берди.
«Курал такады»
Мамасалиеванын айтымында, ал 15-июнда Лейлектин Максат айылынан Кулунду айылына унаа менен бара жатканда, адашып Тажикстан тарапка кетчү такталбаган жолго салып алган. Ал жол укук коргоочуну тажик чек ара постуна алып барган.
Мамасалиеванын сөзү боюнча ал тажик аскерине жагдайды түшүндүрүп, кантип Кулундуга чыгып кетсе болоорун сурап, артка айдоого аракет кылганда кармалган.
«Автоматын такап өзүнүн чоңун чакырды. Ал келип туруп эле телефонумду алды, анан кийин “сумкаңды бер” деди. Сумкамды, унаамдын ачкычын жулуп кетти. Мен эми “жарандыгымды тактайт экен” деп ойлодум. Ошол жерде күтүп турдум», — дейт ал.
Кийинчерээк аскерлердин чоңу келип «сиз биздин аймакка өтүп кетипсиз, азыр сизди бийликке өткөрүп беребиз» деп Мамасалиеванын унаасын айдап, өзүн да Тажикстандын аймагына алып кирип кетишкен.
Мындан улам Мамасалиева «аскерлер өздөрү мени Тажикстанга алып өтүп кетишти» деп белгиледи.
«Мен алардын тосмосунан өткөнүм жок да. Алар тескерисинче тосмону ачып, мени машинам менен кошо алып кирип жатышпайбы», — дейт ал.
«1000 доллар»
Мамасалиеваны алып өткөндөн кийин, тажик аскерлери анын сумкасын, телефонун, фотоаппаратын жана компьютерин тартып алып, активисттен алардын ичинде кандай материалдар бар экенин көсөтүүнү талап кылган.
Активист аскерлер өздөрүнүн бийлигине, андан соң Кыргызстандын чек арачыларына окуя тууралуу айтып, анын жарандыгын тактоо үчүн аларды чакырат деп ойлогонун айтат. «Бирок аскерлер окуяны өздөрүнүн бийлик өкүлдөрүнө да айткан эмес» дейт ал.
«Алар мага келип, “жакындарыңыз барбы, телефон номурларын бериңиз, биз чалып аларга каякта экениңизди айтабыз” дегенде мен кадимкидей эле кабарлап коюшат го дегем. Телефонумду жандырып эле Лейлек районунун акимине WhatsAppтан "мени тажиктер алып кетишти" деп билдирүү жазганга эле үлгүрүп калдым. Бирок ал жерде байланыш дагы, интернет дагы өчүп калган экен», — деп эскерет ошол учурду Мамасалиева.
Аскерлер укук коргоочунун телефонун кайрадан тартып, ал акыркы болуп телефон чалган кишилерге байланышка чыгышкан. Аскерлердин бирөөсү Мамасалиеваны «1000 доллар алып келишсе гана коё беришээрин» айтып, акчаны кайда алып келиш керектигин да түшүндүрүп берген.
Аскерлер менен Баткенде чогуу жүргөн Мамасалиеванын кесиптештеринин телефон сүйлөшүүсү жазылып калган. Үн жазууда кыз аскерге чалып, акчаны алып келгенин айтып, "кайсыл жерге коёюн" деп сураган. Аскер унаада отурганын жана акчаны алып келгенде өзү барып алаарын айткан. Кыз аскерди кантип таанууга мүмкүн экенин айтканда, ал аты-жөнүн айтуудан баш тарткан.
«Биздин кыздар [...] аскерден сурап калды да, “жакшы эле бекен? Сүйлөштүрүп койгулачы” дегенде мен "Бийликке айттыңарбы? Мени тажиктер кармап кетирбей жатат" дедим. Ошондо анан аскерлер мени “самосуд” кылып жатканын сезип калдым», — деди ал.
«Чек араны тактабаса болбойт»
Мамасалиева өзү коомчулукта таанымал болуп, анын кармалганы ЖМКлар аркылуу жарыяланганы үчүн да бийлик анын барымтага алынганынан кабардар болуп чыгарганын айтты.
Ал «эгер жөнөкөй жаранды ушинтип алып кетип калышса, эч ким байкабай да калат» деп кейиди. Укук коргоочу тажик аскерлеринин бул аракетине даттанып арыз жазганын билдирди. Ошондой эле сумкасынан 10 миң сомдой акчасы жоголгонун кошумчалады.
Андан сырткары журналист Ыдырыс Исаков да, укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева да такталбаган аймакта эч кандай белги, жазуулар жок болгонун айтып, адашып калуу оңой экенин белгилешти.
«Чек араларды тактабаса болбойт. Ушундай талаш болгон аймакка белгилерди, сөзсүз видео байкоочу камераларды коюш керек. Мисалы мен арыз жазсам ошол жака чейин барып, аскерлер өздөрүнүн аймагына алып кирип кеткенин кантип далилдеймин? Бизде байкоочу камера жок болсо. Мен арыз жазсам, эгер камера орнотулган болсо тажиктер өздөрүнүн видеосун алып чыксын», — деп жыйынтыктады сөзүн укук коргоочу.
Мамасалиева баштаган ыктыярчылар тобу май айынын башында Баткен облусунун чек арадагы кол салуудан жабыркаган аймактарын кыдырып, жабыркагандардын тизмесин жана алардын муктаждыктарынын аныктаган.
Андан сырткары, активисттер жаңы турак жайлардын курулушунун долбоору элге ачыктала электигин жана курулуш иштери кечеңдеп жатканын айтып чыгышкан.
Тажик аскерлери тарабынан кармалган укук коргоочу Тажикстандын аймагына кирбегенин айтты