Баткен: Төрт-Гүл суу сактагычына аккан каналдын казылышы элди сарсанаа кылды

Материал 12:38де жаңыртылды 

Каналды казуу учурунан тартып алынган видеодон скрин

18-июнда социалдык тармактарга Баткен облусундагы Миң-Булак айылынын тургундары тарабынан Төрт-Гүл суу сактагычына аккан каналды белгисиз кишилер казып жатканы тууралуу видео тарады. Анда жергиликтүү тургундар казуу иштери «тажик тарапка суу берүү үчүн жүрүп жатат» деп тынчсызданышкан.

Тасманын автору казып жаткан кишилерге «суу тажик тарапка бара турганын билип туруп казып атасыздар. Эми айтыңыз казууга кимдер буйрук берди?» деп суроо салган. Мындан сырткары, «Тажикстанга суу беребиз деп ушинтип казып коюшуптур» деп кошумчалаган. Бирок казып жаткан кишилер анын суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан.

Ошондой эле, дагы бир тасмада жергиликтүү тургун «тажиктин түтүгүн ачам деп, кыргыздын түтүгүн кести. Элдин талабы Самаркандек жана Паскы-Арык айылдарына суу жетсе анан бул жерди алыш керек болуп жатат» деген.

Баткен башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы Мамашарип Бердалиев Ак-Суу дарыясынан Төрт-Гүл суу сактагычына суу алып келүүчү каналдын 129-пикети авариялык абалга келгендиктен, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, оңдоп-түзөө иштери аяктаса аталган пикет аркылуу Тажикстанга суу берилет.

«Аталган пикет Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 1991-жылы түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн, тажик тарап ушул пикеттен бизге суу бергиле деп сураган. Ал жер оңдоп-түзөө иштерине муктаж болгондуктан, техникалар иштеп, ачып берүү иштерин жүргүзүп жатышат. Буюрса бул иштер бүтсө 129-пикеттен суу берилет», — деди Бердалиев.

Мындан сырткары, ал Тажикстан тарап да каналдарда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткандыктан, Кайырма, Жыйноо каналдары жана Карабак айыл аймагынын Достук айылына келүүчү сугат суу каналында суу убактылуу токтотулганын кошумчалады. Анын айтымында, сугат суу 24 саат ичинде кайрадан бериле баштайт.

Ошондой эле, суу чарба башкармалыгы Ак-Суу дарыясындагы сууну бөлүштүрүү боюнча Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосунда 1991-жылы түзүлгөн келишимге токтолду. Ага ылайык учурда сугат сууну үч мамлекет октябрга чейин пайдаланат.

«1-октябрдан 1-апрелге чейин Ак-Суу дарыясындагы сууну кыргыз тарап пайдаланып, Төрткүл суу сактагычына суу куюулат. Андан соң эки ай 1-июндан тарта 4 ай үч мамлекет пайдаланат», — деп түшүндүрдү Бердалиев.

Кайырма каналы

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында Төрт-Гүл суу сактагычына куйган Кайырма каналы Тажикстанга өтүп кеткенин билдирген. Бул билдирүү жергиликтүү тургундар арасында нааразычылык жараткан.

Билдирүүдөн кийин Баткен облусунун тургундары Мариповдун айткандары боюнча расмий түшүндүрмө берүүсүн, жаңылышып алганын мойнуна алышын жана кечирим сурашын талап кылышкан. Ошондой эле, бир катар нааразычылык акцияларын уюштурушкан.

Нааразычылыктардын шартында өкмөт аппаратынын маалымат камсыздоо бөлүмү Төрт-Гүл суу сактагычына кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү болгонун билдирген.

Төрткүл суу сактагычы — Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагычы Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт.

1991-жылдагы Кыргызстан жана Тажикстан менен суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрт-Гүл каналынын суусунун 37%ы Кыргызстанга, ал эми 63%ы Тажикстанга кетет. 2014-жылы сууну бөлүштүрүүдө эки өлкөнүн жашоочуларынын ортосунда чыр чыгып, жаңжал ок атышуу менен коштолгон. Мындан улам суу сактагыч Кыргызстандын ИИМи тарабынан кайтарууга алынган.

Тема боюнча:

«Ойлонуп сүйлөш керек». Өкмөт Төрткүлгө куйган каналдар Кыргызстанга таандык экенин тастыктады