Президент балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова 21-июнда Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон Игорь Якуниндин агасы Богдан Якунин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Рысбекова Богдан Якуниндин инисинин өлүмүнө байланыштуу бардык жүйөөлөрүн угуп, учурда окуянын бардык жагдайлары комиссиялык кароодон өтүп жатат деп ишендиргени белгиленет.

Анын айтымында, иликтөө жүргөндөн кийин комиссия кызмат адамдарынын бардыгынын жоопкерчилигин карап чыгат.

Ыйгарым укуктуу өкүл Якунинге инисинин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Буга чейин Богдан Якунин президент Садыр Жапаровго кайрылып, инисинин өлүмүнө байланыштуу ишти жеке көзөмөлүнө алуусун, жана аны жабырлануучу катары табууга жана инисинин сөөгүн эксгумация кылууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

Баланын айтымында, учурда балдар үйүнүн директору 12 жаштагы Игорь Якунинди өлгүчө сабаган улуу класстын тарбиялануучусун калкалап, ишти жаптырууга аракет кылууда.

Богдан Якунин окуяга күбө болгон балдар үйүнүн башка тарбиялануучуларынын айткандарына таянып, инисинин өлүмүнүн чоо-жайы тууралуу дагы айтып берген.

Ошондой эле, ал балдар үйүнүн директору тарбиялануучуларды чогултуп, бул окуя тууралуу ооз ачпайсыңар деп тапшырма бергенин айтып берген. Буга кошумча, Богдан директор өспүрүм уулануудан каза болду деген версияны жаратууга аракет кылганын айтат.

Игорь Якуниндин өлүмү

Чүй ОИИБнин маалыматына ылайык, 1-июнда Сокулук РИИБине Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 6-класстын окучусу саат 21:45 чамасында уктоо бөлмөсүнөн эч учун жоготуп, эсине келбей каза тапканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Баланы ооруканага жеткиришкен, ошол жактан каза болгонун тастыкташкан», — деп айтып беришкен милициядан.

Окуучунун өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган. ИИББден белгилешкендей, каза тапкан баланын денесин кароо учурунда уруп-согуунун белгилери болгон эмес.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, балдар уктоочу бөлмөдө монополия ойноп жатышкан. Игорь өйдө туруп, бир-эки кадам шилтеп эле эс-учун билбей кулап калган. Ведомство эч кандай мушташ болгон эмес деп ишендирүүдө.

Бирок маркумдун агасы Богдан Якунин тергөөгө башкача версияны айтып берген. Анын адвокаты 12 жаштагы Игорь Якунин улуу класстагы окуучунун ур-токмогунан каза тапканын билдирген.

«Игорду көкүрөк тушка беш жолу чабышкан, акыркысы жүрөк тушка тийген күчтүү сокку болгон. Бала бурулуп, үч кадам аттагандан кийин дароо кулап түшкөн. Анын бүткөн бою калтырап, дем жетишпей, заара ушатып койгон. Балдар үйүнүн директору саат 22:00 чамасында келип, баланы ооруканага алып жөнөгөн. Бирок ал унаада акыркы демин алган, аны аман алып калуу мүмкүн болбой калган», — деп сөзүн жыйынтыктаган ал.

Адвокаттын айтымында, Богдан Якунин балдар үйүнө келгенде тарбиялануучулар Игорь таяк жегенден кийин өзүн жаман сезе баштаганын айтып беришкен. Ал эми балдарды тизип алып урган жогорку класстын окуучусу өзү дагы окуя ушундай болгонун тастыктаган.