Балдар үйүндө каза тапкан өспүрүмдүн агасы президентке кайрылды

Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүнүндө каза тапкан тарбиялануучунун агасы Богдан Якунин президент Садыр Жапаровго кайрылып, инисинин өлүмүнө байланыштуу ишти жеке көзөмөлүнө алуусун суранды.

Богдан Жапаровдон аны жабырлануучу катары табууга жана инисинин сөөгүн эксгумация кылууга көмөк көрсөтүүнү суранган. Баланын айтымында, учурда балдар үйүнүн директору 12 жаштагы Игорь Якунинди өлгүчө сабаган улуу класстын тарбиялануучусун калкалап, ишти жаптырууга аракет кылууда.

Богдан Якунин окуяга күбө болгон балдар үйүнүн башка тарбиялануучуларынын айткандарына таянып, инисинин өлүмүнүн чоо-жайы тууралуу дагы айтып берген.

Ал Игорду жогорку класттын окуучусу сабаганын, ал ур-токмоктон улам көз жумган деп айтууда. Игорь калчылдап кулап калгандан кийин гана балдар үйүнүн директору ооруканага алып жөнөгөн. Ошол эле учурда, Богдандын айтымында, директор баланы заара ушатып койгондуктан унаанын салонуна эмес, жүк ташуучу бөлүгүнө салып барган.

«Эртеси күнү Военно-Антоновка балдар үйүнүн медайымы Чынара эже балдарга Игорь машинасында акыркы жолу дем алганын айткан», — деди Богдан Якунин.

Ошондой эле, ал балдар үйүнүн директору тарбиялануучуларды чогултуп, бул окуя тууралуу ооз ачпайсыңар деп тапшырма бергенин айтып берген. Буга кошумча, Богдан директор өспүрүм уулануудан каза болду деген версияны жаратууга аракет кылганын айтат.

Буга чейин Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Чүй облусундагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмүн иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алган. Ал өспүрүмдүн өлүмүнүн бардык жагдайларын кылдат иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзгөн.

Игорь Якуниндин өлүмү

Чүй ОИИБнин маалыматына ылайык, 1-июнда Сокулук РИИБине Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 6-класстын окучусу саат 21:45 чамасында уктоо бөлмөсүнөн эч учун жоготуп, эсине келбей каза тапканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Баланы ооруканага жеткиришкен, ошол жактан каза болгонун тастыкташкан», — деп айтып беришкен милициядан.

Окуучунун өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган. ИИББден белгилешкендей, каза тапкан баланын денесин кароо учурунда уруп-согуунун белгилери болгон эмес.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, балдар уктоочу бөлмөдө монополия ойноп жатышкан. Игорь өйдө туруп, бир-эки кадам шилтеп эле эс-учун билбей кулап калган. Ведомство эч кандай мушташ болгон эмес деп ишендирүүдө.

Бирок маркумдун агасы Богдан Якунин тергөөгө башкача версияны айтып берген. Анын адвокаты 12 жаштагы Игорь Якунин улуу класстагы окуучунун ур-токмогунан каза тапканын билдирген.

«Игорду көкүрөк тушка беш жолу чабышкан, акыркысы жүрөк тушка тийген күчтүү сокку болгон. Бала бурулуп, үч кадам аттагандан кийин дароо кулап түшкөн. Анын бүткөн бою калтырап, дем жетишпей, заара ушатып койгон. Балдар үйүнүн директору саат 22:00 чамасында келип, баланы ооруканага алып жөнөгөн. Бирок ал унаада акыркы демин алган, аны аман алып калуу мүмкүн болбой калган», — деп сөзүн жыйынтыктаган ал.

Адвокаттын айтымында, Богдан Якунин балдар үйүнө келгенде тарбиялануучулар Игорь таяк жегенден кийин өзүн жаман сезе баштаганын айтып беришкен. Ал эми балдарды тизип алып урган жогорку класстын окуучусу өзү дагы окуя ушундай болгонун тастыктаган.