T-media.kg басылмасы Ош мэриясы жарыялаган бир кызыктай тендерди аныктады.

4-июнда Ош шаарында жаштардын инновациялык борборунун ачылышы болгон. Ага министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов, вице-мэрлер Эмил Шадыканов, Замир Юсупов жана шаардык кеңештин депутаттары катышкан. Муниципалитет борбордун ачылыш аземине арналган иш-чара үчүн самсы, боорсок жана пирог сатып алуу үчүн тендер өткөргөн.

Тендерге ылайык, иш-чаранын дасторконуна мэрия 312 миң сом коротмокчу болгон. Жыйынтыгында дасторкон даярдоого тендерди эң аз баа, 180 миң сом сунуштаган «Эр-Ас-компани» курулуш компаниясы утуп алган.

Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, фирма турак-үйлөрдү жана имараттарды курат. Фирманын ээси Боронбек Таштанов аттуу адам.

*БШКнын 2020-жылдын ноябрь айына карата маалыматына таянсак, Таштанов Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылында жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. Straydogs.Kg бирикмесиндеги жаныбарларды коргоочулардын маалыматына караганда, анын компаниясы ит жана мышык атууга жарыяланган тендерлерди дайыма утуп келет.

Бул сумманын жарымынан көбү — 100 сом боорсок сатып алууга жумшалмак болгон. Бирок, фактчекерлердин маалыматына ылайык, тендер өткөнүнө карабай, иш-чаранын дасторконуна боорсок коюлган эмес.

Ош мэриясында 35 миң сомго гана тендер жарыяланганын, ал эми анын баасы техникалык катадан улам, ал жерде ашыкча нөл жана үтүрлөр кошулуп калгандыктан көбөйүп кеткен деп айтышкан.

«35 миң сомго тендер берилген. Бирок порталга 350 миң сом деп кирип калган. Тендерге киргизип жатканда үтүр, нөл дегендери бар да. Ошол жерде бир эки нөлдөн ката кетип калган. Негизи кофе-брейкке бөлүнгөн акча уткан фирмага которула элек. Эми ал тендер кайра жокко чыгарылып, башынан өткөрөбүз», — деген Ош мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин башчысы Иззатбек Берхмаматов.

Анын айтымында, кофе-брейкке бөлүнгөн каражат бир жолку эле иш-чарага колдонулбайт.Тендердин жеңүүчүсү, «Эр-Ас-компани» курулуш фирмасынын башчысы Боронбек Таштанов фактчекерлерге кофе-брейк үчүн 41 миң сом сарпталганын билдирген.

«Жөн эле шылтоо»

T-media.kg басылмасы Ош мэриясы «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамдын 10-беренесинин 4-пунктун, андан тышкары 21-берененин 1 жана 4-пункттарын бузду деген тыянак чыгарган.

Ал эми юрист жана экономист Замир Пусуртегиндин айтымында, аткаминердин техникалык ката жөнүндөгү сөзү «жөн эле шылтоо».

«Эми тендерди кайра жокко чыгарабыз деп жатат. Бирок иш-чара өтүп кетти да. Кайра тендер өткөрсө башка компания утуп алышы мүмкүн. Эгерде азыр тендерди жокко чыгара турган болсо бул компания кофе-брейкти карызга кылып берди. Ал карызын мэриядан кантип өндүрөт. Бул дагы бир маселе», — деген ал.