Президенттин жеке оператору КТРКнын башчысынын орун басарынын м.а. болуп дайындалды

Президентин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти жана президенттин жеке оператору Улан Сатиев КТРКнын башкы директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik.kg басылмасы телеканалдын байкоочу кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаевке таянып жазды.

Керимбаевдин айтымында, КТРКнын азыркы башкы директору Бактияр Алиев өткөн аптада Сатиевдин бул орунга келүүсүн өтүнгөн.

«Эми келерки жумада Байкоочу кеңештин жыйыны болот. Анда Сатиев бул кызматка толук кандуу бекитилиши мүмкүн», — деп билдирет басылма.

Сатиев президенттер Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдун тушунда, кийин Садыр Жапаровдун дагы жеке оператору болуп иштеп келген.