Коронавирустун 1 081 жаңы учуру катталып, беш киши каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 28-июнда өлкөдө коронавирустун 1 081 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 42 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 640 (26 медкызматкер);

Чүй облусунда — 99 (төрт медкызматкер);

Жалал-Абад облусунда — 91 (үч медкызматкер);

Ош шаарында — 71 (бир медкызматкер);

Баткен облусунда — 63 (үч медкызматкер);

Ош облусунда — 58 (төрт медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 28;

Нарын облусунда — 17 (бир медкызматкер);

Талас облусунда — 14.

Ошондой эле өткөн суткада 488 бейтап айыгып, беш бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 121 946га жетти. Оорудан 108 953 бейтап айыгып, 1 982 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 3 132 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 128и өтө оор абалда. Мындан сырткары 6 813 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.