Эмне үчүн Бишкекте коронавирус 1 490 кишиден аныкталды? Вице-мэрдин жообу

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачёва 30-июндагы басма сөз жыйында эмне себептен өткөн суткада коронавирустун эң көп учуру катталганын түшүндүрүп берди. Акыркы суткада борбор калаада COVID-19 1 490 кишиден аныкталган.

«Мындай өсүү лабораториялардан ПЧР-анализдердин шек жараткан бир нече күндүк жыйынтыктары чогултулганы менен байланыштуу. Алардын баары чогултулуп, бир күндүн статистикасына кирди. Башкача айтканда, бул шек жараткан анализдердин бир нече күндүк жыйынтыктары», — деди Мозгачёва.

Ошондой эле Мозгачёва калаада кырдаал курч бойдон калганын белгилеп, акыркы суткада 74 киши ооруканаларга жаткырылганын кошумчалады.

Буга чейин Бишкектин мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергенов оорунун жайылуусун алдын алуу жана эпидемияны жоюу боюнча жетиштүү иш алып барбаганы үчүн Виктория Мозгачёвага сөгүш жарыялаган. Ошондой эле Кудайбергенов вице-мэр Русланбек Акылбековго жана район акимдерине эскертүү берген.

Акыркы суткада өлкө боюнча коронавирустун 1 965 жаңы учуру катталды — жалпысынан ооруну жуктуруп алгандардын саны 125 003кө жетти. Анын ичинен 110 082 бейтап айыгып, 2 миң киши көз жумду.