Өлкөдө коронавирустун 1 965 жаңы учуру катталды — анын 1 490у Бишкекте

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы

Республикалык штаб 30-июнда өлкөдө коронавирустун 1 965 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 39 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 1 490 (22 медик);

Чүй облусунда — 111;

Ош облусунда — 94 (төрт медик);

Жалал-Абад облусунда — 93;

Баткен облусунда — 73 (тогуз медик);

Ош шаарында — 45 (эки медик);

Ысык-Көл облусунда — 35 (бир медик);

Нарын облусунда — 16;

Талас облусунда — 8 (бир медик).

Ошондой эле өткөн суткада 571 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 256, Ош шаарында — 74, Чүй облусунда — 68, Ош облусунда — 63, Жалал-Абад облусунда — 56, Баткен облусунда — 34, Талас облусунда сегиз, Ысык-Көл облусунда жети жана Нарын облусунда беш киши илдеттен сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан сегиз бейтап каза болду — алардын үчөө Баткен облусунда, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда экиден, бирөө Ош шаарында.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 125 003кө жетти — алардын 5 408и медкызматкер. Оорудан 110 082 бейтап айыгып, 2 миң киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 3 389 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 158и өтө оор абалда. Мындан сырткары 8 454 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.