Парламентте башпрокурорго Өмүрбек Бабановду үй камагына чыгаруу талабы айтылды

30-июнда парламентте депутаттар башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаңы кодекстерди жана «Прокуратура жөнүндөгү» мыйзамды киргизүүнү талкуулап жатышат.

Талкуу учурунда депутат Кенжебек Бокоев бир катар саясатчылардын «Кумтөр» иши боюнча кармалганына токтолду. Эл өкүлүнүн айтымында, прокуратуранын аракеттери «жазалоо чараларына» окшош.

«Канча деген саясатчылар азыр акталып кеткен, бирок да тергөөчү, бир да прокурордун кызматкерик амакка отурган жок. Мамлекеттик телеканалдарда түз каралоо кетип жатат, Өмүрбек Токтогулович [Бабанов] боюнча. Президентке да кайрылам, жеке көзөмөлгө алсаңыздар. [Бабанов] төрт жолу депутат болгон, эки жолу биринчи вице-премьер-министр болду, премьер-министр болгон, партиянын лидери болгон», — деп билдирди Бокоев.

Буга Зулушев мурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов президенттик аппараттын экс-башчысы Данияр Нарымбаев сыяктуу эле кылмыш кылууга шектелип жатышканы тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин кармалышкан деп жооп берди.

Башкы прокурор мыйзам «адамды ал эч нерсеге шектелген жок деп айтып үй камагына чыгарып коюуга» жол бербесин билдирди.

«Бүгүн мына сиздерге кодекстерди алып келдик, эгерде эл өкүлдөрү кепилдик болсо, үй камагына чыгарып тергөө жүрсүн деп эереже киргизсеңиздер, биз ошону аткарабыз. Ал эми Өмүрбек Токтогуловичтин күнөөсү бар же жогун тергөө аяктап, бизге айыптоо актысын алып келген убакта биз аны күнөөсү чындап далилдендиби, сотко кетүүгө негиз барбы-жокпу деп карап туруп кол коёбуз», — деп жооп берди Зулушев.

Өмүрбек Бабанов менен Данияр Нарымбаев «Кумтөр» иши боюнча кармалган. Алар «Корруцпия» беренеси боюнча кылмыш кылуугу шектелип жатышат, учурда алар УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Алардан тышкары, «Кумтөр» иши боюнча депутаттар Алмазбек Баатырбеков, Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков, Талантбек Узакбаев жана экс-депутат Исхак Пирматов кармалган. Экс-премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев дагы кармалган.

Кийинчерээк вице-спикер Аида Касымалиев кесиптештери «Кумтөр» иши боюнча мыйзамсыз кармалганын айтып чыккан. Ал агурмент катары 5-майда кабыл алынган Конституцияга ылайык, депутаттар кармалбашы керектигин билдирген.

«Азыр жаңы Конституцияда депутаттын кол тийбестиги күчөтүлгөн. Ал кылмыш жасап жаткан учурунда кармалбаса, анда аны көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен гана кармоого уруксат берилет», — деп түшүндүргөн вице-спикер.