«Кумтөр» иши боюнча депутаттарды кармоо мыйзамсыз — Аида Касымалиева

Вице-спикер Аида Касымалиева парламенттин 10-июндагы жыйынында «Кумтөр» иши боюнча депутаттардын кармалып жатканын мыйзамсыз деп билдирди.

Касымалиева агурмент катары 5-майда кабыл алынган Конституцияга ылайык, депутаттар кармалбашы керектигин айтты.

«Азыр жаңы Конституцияда депутаттын кол тийбестиги күчөтүлгөн. Ал кылмыш жасап жаткан учурунда кармалбаса, анда аны көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен гана кармоого уруксат берилет», — деп түшүндүрдү вице-спикер.

Ошондой эле, депутат Жогорку Кеңеш тиешелүү комитеттерге тапшырма бергенин жана парламентти мыйзам чыгаруучу орган катары кармоолор боюнча өз пикирин билдирүүгө чакырганын белгиледи.

«Эски мыйзам жана эски кодекстер боюнча кармоолор болду деп башкы прокуратура маалымат берип атат. Жаңы кодекстер келе жаткан жумада Жогорку Кеңешке кирет. Бирок мындай кырдаалда баш мыйзам түз иштейт, биз муну баарыбыз билебиз. Ошондуктан кармоо жана ТИЗОдо кармоо — бул мыйзамсыз», — деп кошумчалады ал.

*Башкы прокуратура мурдараак Кылмыш-Жаза кодексине, Жазык-процессуалдык кодексине жана Жоруктар тууралуу кодекстерге өзгөртүүлөрдү иштеп чыккан. Азыр бул өзгөртүүлөр коомдук талкуу баскычында жана алар парламенттин кароосуна келе элек.

УКМК бир катар мурдагы жана учурдагы саясатчылар менен жогорку кызматтагы аткаминерлерди «Кумтөр» иши боюнча кармаган. Кармалгандардын көбү коррупцияга шектелип жатат.

Саясатчыларды кармоо

Кармалгандардын арасында мурдагы эки өкмөт башчы — Өмүрбек Бабанов менен Мухаммедкалый Абылгазиев бар.

Мындан тышкары, УКМКнын ТИЗОсунда азыркы жана мурдагы бир катар депутаттар камакка алынган:

  • Исхак Пирматов;
  • Асылбек Жээнбеков;
  • Төрөбай Зулпукаров;
  • Талантбек Узакбаев.
  • Алмазбек Баатырбеков

Ошондой эле, 9-июнь күнү кечинде кармалгандардын тизмесине Алмазбек Атамбаевдин убагындагы президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев дагы кошулду.

Ошондой эле «Кыргызпатенттин» башчысы Динара Молдошевага дагы эч жакка кетпөө тилкаты берилген. Молдошева жашы жете элек балдары бар болгондуктан кармалган жок.

Башкы прокуратура Кумтөр кенин казуу боюнча түзүлгөн келишимдин айланасындагы коррупция боюнча иликтөө башталганын 21-майда билдирген.

Көзөмөл органынын маалыматына таянсак, 1992-жылдын 2019-жылга чейин жогорку кызмат адамдары жана «Кыргызалтындын» жетекчилиги «бийлик ыйгарымдарына ээлик кылып турганда» Канаданын «Камеко» жана Centerra Gold Inc компаниялары менен мыйзамсыз материалдык жана башка байлыкка ээ болуу максатында «мыйзамга жат жана туруктуу байланыш түзүп», «Кумтөр» кенин казууда Кыргызстан үчүн бир катар пайдасыз келишимдерге макулдугун беришкен.

«Камеко» жана Centerra Gold Inc компаниялары Кумтөр кенин Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн аймагында каза баштаган. Бирок кийин «Камеко» келишимден чыгып кеткен, ал эми Centerra Gold Inc кен казууну жалгыз уланткан.

Акыркы бир айда Кумтөр алтын кени жана анын айланасындагы чуулар коомчулук менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын көңү чордонунда болууда. Ал эми 7-майда, Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Бир күн мурда, 6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда каалаган компанияга тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Дагы окуңуз: «Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер?

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кийин 18-май күнү өлкө жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындаган.

Мындай чечимге Канаданын өкмөтү реакциясын билдирип, Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».