Чүй облусунун Чүй айылында 17 жашар кызды ала качкан киши бир жылга шарттуу кесилди. Мындай өкүмдү Чүй райондук соту 21-майда кабыл алды. Буга жабырлануучу өз көрсөтмөсүн өзгөртүп, ала качуу болгонун четке какканы жана прокурордун беренени өзгөртүү өтүнүчү сотто колдоо тапканы себеп болду.
Окуя үстүбүздөгү жылдын 3-февралында болгон. Анда Чүй облусттук ЖКККБнын инспекторлору Бишкек — Манас автожолундагы «Алга» постунда «Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү минивэнди токтотушкан. Инспектор айдоочунун документтерин текшере баштаганда унаанын арткы салонундагы айнектирен бирөө ургулап жатканы угулган.
Унааны текшерүү маалында анын ичинде жашы жете элек кыз жана 20 жаштагы киши отурганы белгилүү болгон. Кыз эркек кишилер аны Токмоктогу коллежден ала качып, Манас айылына алып баратышканын айтып берген.
Кийинчерээк аларды Сокулук райондук милициянын кызматкерлери алып кетишкен. Ал эми кыздын апасы арыз жазуудан баш тарткан, себеби кызды ала качкан киши алардын алыскы тууганы болгон.
Буга карабастан Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
Соттук отурумуда берене өзгөртүлүп, шектүү бошотулган
Анткен менен тергөөдө кылмышка бир эле адам шектүү катары өткөн. Ал эми анын айдоочу шектүүнүн досу болуп чыккан. Ал соттук отурумга күбө катары гана чакырылган.
Шектүү сот отурумунда күнөөнү мойнуна албай, жабырлануучу кыз менен буга чейин кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүн айткан. Анын айтымында, ал буга чейин ата-энеси менен кыздын колун сураган, бирок жабырлануучунун апасы анын жашы жете электигине байланыштуу макулдугун бербей койгон.
Кийинчерээк ал кыздын ата-энеси «макул» болгонун угуп, досу менен кызды Манас айылына «туугандары менен тааныштырганы» алып бара жатканда кармалганын айткан.
«Кызды көчөгө чыгып, маршрутка күтүп турганын көрүп, ал аркасынан байкатпай барып, аркасынан кармап, аны таң калтырган. Анан “мен Акжолмун” дегенде ал аны тааныган. “Жүр мени менен” деп, аны суйлошкон кызы катары көтөрүп, тегерентип, ылдый жакта токтоп турган автоунаасына отургузган. Жабырлануучу эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Ал эми Марат автоунааны айдап алар шаарды көздөй жөнөшкөн», — деп берилет өкүмдө шектүүнүн көрсөтмөлөрү.
Шектүү кыз «унаада отурганда унчукпай эле келгенин, бирок инспекторлор аларды токтоткондо эмнегедир, эч себепсиз» терезени чапкылап баштаганын айткан. Ал эми укук коргоо органдары унаанын эшигин ачканда кыз «ала качылганын» айтып, жардам сураган.
Ал эми жабырлануучу кыз соттук отурумда ал аялдамада турганда бирөө артынан капюшонун кийгизип, көтөргөн бойдон унаага салганын айтып берди. Кыздын айтымында, ал жолдо баратып айыпталуучудан аны үйүнө кайтарууну суранган. Кийинчерээк аларды жол инспекторлору тоскондо, кыз өзүн жаман сезип шектүү аны досуна ала качып барат деп ойлогонун айткан.
Соттук отурумда жабырлануучу «туура эмес ойлонуп алганын» жана «ала качуу» болбогонун билдирген. Унаанын айдоочусу айыпталуучунун сөздөрүн тастыктап, «ала качуу» болбогонун айткан.
Анткен менен кылмышка күбө болгон инспекторлор унааны токтоткон учурда шектүү кыздын колун кармап отурганын жана жабырлануучу уурдалганын айтып бергенин билдиришти. Ошондой эле буга чейинки Чүй облусунун ЖКККБсы тараткан маалыматта кыз салондо ыйлап отурганы маалымдалган.
Буга карабастан соттук отурумуда прокурор айыпталуучуга «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен эмес, «Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» беренеси менен айып тагууну өтүнгөн. Ошондой эле прокурор айыпталуучуга жеңил жаза берүүнү суранган.
*Жазык кодексинде жашы жете электерди «ала качкандарга» 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ал эми «Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» беренесинин жазасы жеңилреек — 2,5 жылдан 5 жылга чейин.
Сот прокурордун өтүнүчүн колдоп, Сурановду 2,5 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда айыпталуучу бир жылдык пробациялык көзөмөлгө алынды. Бул Суранов эркинен ажыратылбай, бир жылга шарттуу кесилгенин билдирет.
Кыргызстанда «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси дээрлик иштебейт. Аталган берене боюнча кылмышкерлерге каттуу жаза каралганы менен көбүнчө алар шарттуу түрдө эркинен ажыратылат же толугу менен акталат.
«Клооп» жана «Азаттыктын» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, иштер дээрлик сотко жетпей кыскартыларын аныкташкан. Ошондой эле эскперттер буга милиция менен прокуратуранын өз ишин мыйзам чегинде аткарбаганы себеп дешкен.