Чүй облусу: Кайгуул милициясы кыз ала качуунун алдын алды

Чүй облусунда ЖКККБнын инспекторлору жашы жете элек кызды мажбурлап никеге тургузуу аракетинен куткарып калышты.

Басма сөз кызматтын маалыматына караганда, инспекторлор Бишкек-Манас жолунда жайгашкан постто «Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү минивэнди документтерин текшерүү үчүн токтотушкан. Алар айдоочу бушайман болуп жатканын, ал эми машинадан шектүү үндөр чыгып жатканын байкашкан.

Текшерүү учурунда машинада 17 жаштагы кыз бар экени белгилүү болгон. Ал аны Токмоктогу колледжден ала качып, эркине койбой күйөөгө берүү үчүн Манас аэропортуна жакын жайгашкан айылдардын бирине алып баратышканын айтып берген.

«2001-жылы туулган айдоочу И.М. жана 2001-жылы туулган “жигит” кармалып, Сокулук РИИБинин ыкчам тергөө тобуна өткөрүлдү», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Кыргызстанда кыз ала качуу

Жазык кодексинде адамды мажбурлап никеге тургузуу үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Нике кыюуга мажбурлоо үчүн уурдоо — бул кылмыш, ага Кырызстандын мыйзамы боюнча катаал жаза каралган. Бул нерсе өлкөнүн да реалдуу көйгөйү — статистика боюнча Кыргызстандагы ар бир 17 кыз эркине каршы алакачылган.

Ала качууга дуушар болгон кыз-келиндер көп учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип, өздөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, укуктары тепселенет.

Коомдо Бурулай Турдалы кызынын киши колдуу болгону резонанс жараткан. Аны 2018-жылы бир эле киши эки жолу ала качып кеткен. Экинчи жолкусунда эркек кишини милиция кармап, РИИБге камакка алган. Ал жактан кызды өлтүрүп салган.

Биринчи ала качуу 2018-жылы 4-майда болгон, бирок анда Бурулайды үйүнө жеткирип беришкен, ал эми кыздын үй-бүлөсү милицияга арыз жазган эмес.

Бирок ала качкан жигит экинчи жолу да кылмышка барган. Ошол айдын аягында кызды кайрадан үйүнүн тушунан ала качып кеткен. Бирок милиция уурдагандарды колго түшүргөн. Милиция бөлүмүндө Бурулай менен кылмышка шектүүнү бир бөлмөгө калтырып коюшкан, андан соң ал Бурулайга кол салып, жабырлануучу бычак жеп кайтыш болгон.

Свердлов райондук соту аны күчөтүлгөн тартиптеги колониясына 20 жылга кесип, жабырлануучунун үй-бүлөсүнө 800 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми кыздын өлүмүнө жол берген милиционерлерге санкциялар колдонулган.

ТЕМА БОЮНЧА: