Парламенттин басма сөз кызматы депутаттар 30-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев сунуштаган мыйзам долбоорлорунун баарын биринчи окууда жактырганын билдирди.
Алар:
- «Прокуратура жөнүндө конституциялык мыйзам;
- Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин долбоору;
- Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбоору;
- Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү жана айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» долбоору.
Юристтер жана укук коргоочулар кодекстердин жаңы долбоорлорун сындап, аларда кысым, кыйноо жана башка мыйзам бузуулар бар экенин, ошондой эле коррупция үчүн жылчыктар көп калтырылганын белгилешкен.
Алар президент Садыр Жапаровго жана парламенттин алтынчы чакырылышына кайрылып, кодекстердин реформасын токтото турууну суранышкан, анткени, алардын оюнда, реформа президенттин тапшырмалары менен кайрылуусуна каршы келет.
Юристтердин пикиринде жаңы кодекстер адам укуктарын жана аларды коргоо боюнча Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин бузат. Ошондой эле, кайрылуунун атворлорунун айтымында, кодекстердин Башкы прокуратура сунуштаган версиясы репрессия жана тоталитаризмге багытталган.
Кайрылуунун авторлору судьялар менен укук коргоо органдарында коррупция жана кысым үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, ал эми жарандарда укуктарын коргоого мүмкүнчүлүктөрү азаят деп кооптонушууда.
Бирок парламентте тармактык комиттердин баары кодекстердин долбоорлору менен «Прокуратура жөнүндө» конституциялык мыйзамды кабыл алышты. Садыр Жапаров өзү азырынча бул боюнча оюн билдире элек. Ал эми Зулушев «ЖМКларда бир да жерде жаңы кодекстерге карата сындарды көрбөгөнүн», аларга каршы учурда болгону бир нече мыйзам иштеп чыгуучу каршы болуп атканын айткан.
Жаңы кодекстердин эмнеси туура эмес?
Юристтер Башкы прокуратура кодекстерге өзгөртүү жана түзөтүү киргизүүнү жабык эшик артында ишке ашырганын белгилешет. Жумушчу топтун 70%ы «укук коргоо түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен тыгыз байланышкан» күч түзүмдөрүнүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн куралган. «Талкууланып жаткан маселелерди туура түшүнбөй калат» деген шылтоо менен журналисттер жыйынга киргизилген эмес.
ТЕМА БОЮНЧА: Жазык мыйзамдарын талкуулоо: Зулушев журналисттерди жыйындан чыгарып салды
Жумушчу топтун мүчөлөрүнө кодекстердин долбоорунун кагаз түрүндөгү тексттери да, ал тургай ал электрондук түрдө да берилген эмес.
Ал эми парламенттин сайтында коомдук талкуу үчүн 2021-жылдын 7-майында кодекстердин «чийки» долбоорлору коюлган. Юристтер менен эксперттер алар менен таанышып жатканда, прокуратура негизги иштеп чыгуусу катары жабык эшик артында кайрадан жазуусун улантып жатты. Долбоорлордун финал алдындагы версиясы Башкы прокуратуранын сайтында 2021-жылдын 31-майынын түнүндө пайда болгон, ал эми 2-июнда кайтарым байланыш үчүн Башпрокуратура тарабынан презентация уюштурулган.
«Адамдарга долбоорлорду окуп чыгууга жетиштүү убакыт жана мүмкүнчүлүк берилген жок [...] Эгер чындап иштешсе аны бир нече айда деле кылуу мүмкүн эмес. Бул адамдарды сыйлабастык, мыйзам чыгаруу процедурасын профанация кылуу, жарандардын чечим чыгарууга катышуу укуктарын бузуу», — деп нааразы болушкан «Стратегиялык чечимдер» коомдук фонудунун юристтери.
Алардын пикиринде, «кодекстердин долбоорлору менен тааныштыруу учурунда да коомчулук менен ачык-айкын диалог болгон эмес» — чакырылгандарга презентациялардын тексти мамлекеттик жана расмий тилде берилген эмес.
«Чынчыл маморгандар кантип өз элине ушундай мамиле жасасын? Прокуратурага мыйзамдарды өз кызыкчылыгында жазганга ким укук берди? Эгерде элден сурасак, эч кимиси прокуратуранын, ИИМдин жана УКМКнын ыйгарым укуктары күчөшүн каалабайт. Мындай укук, Конституцияга ылайык, элде гана бар. Эл өзү маморгандарга өзүнүн атынан мыйзам жазууга укук берет», — деп белгилешкен алар президент Жапаровго жолдогон кайрылуусунда.
Юристтер реформа жасоого шашылууну жана аны Башкы прокуратура менен укук коргоо органдарынын күчү менен ишке ашырууну туура эмес деп эсептешет — бул документтердин баары кеңири жана терең изилдениши керек.
Колдонуудагы кыргыз мыйзамы азыр бардык эл аралык стандарттарга туура келет. Ал «адамга, адамды коргоого адамды күч түзүмдөрүнүн коррупциясынан, басымынан, кыйноолорунан, опузалоосунан коргоого» багытталып курулган.
«Бүгүнкү күндө күч түзүмдөрү жаңы шартта иштөөдө кыйналып, аларга коомдун өнүгүү деңгээлине жетүү оор болгону үчүн гана коомдун бул укугун тартып алууну көздөп жатат», — деп айтылган президентке кайрылууда.
Тема боюнча: