Жазык мыйзамдарын талкуулоо: Зулушев журналисттерди жыйындан чыгарып салды

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жазык мыйзамдарын жакшыртуу боюнча жумушчу топтун Илимдер академиясында өткөн кеңешмесинен журналисттерди чыгарып салды.

Анын айтымында, азыр кылмыш мыйзамдарынын жаңы долбоорлору талкууда гана болуп жатат, жыйынтыктары жөнүндө кеп кылуу али эрте.

«Залдан чыга тургулачы, регламентти чечип алалы», — деди ал.

Видео: 24.kg

Активист жана президенттикке кызматка мурдагы талапкер Токтайым Үмөталиева кеңешменин мүчөлөрүнө журналисттердин катышуусуна каршы же макул деп добуш берүүнү сунуштады.

«Эгерде алар жөн эле отуруп байкоо салгылары келип жатса, анда отура беришсин. Эгерде катышкылары келсе, анда юристтери менен бирге сунуштарды киргизишсин», — деди Токтайым Үмөталиева.

Бишкекте эки күндөн бери жазык мыйзамдарын жакшыртуу боюнча жыйын өтүп жатат. Биринчи жолугушууда Зулушев 16 жашка чейинкилер менен жыныстык катнашка баруу боюнча кылмыш иштерин салт-санаа жана менталитетти эске алуу менен кароо керектигин айткан. Анын айткандары дароо сынга алынган — соцтүйүн колдонуучулары башкы прокурорду педофилияны пропаганда кылууга аракет кылды деп айыпташкан.

Кылмыш кодекси, башка кодекстер жана бир катар мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин ишинин алкагында кайрадан каралууда. Аны президент Садыр Жапаров түзгөн жана жетектейт.

Тема боюнча:

Прокуратурага тергөө укугу кайтарылат. Зулушев тергөө башкармалыгы түзүлөрүн айтты

Мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдагандарга жаза күчөтүлөт — Башкы прокурор