«Кумтөр» иши. Тайырбек Сарпашев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 30-июнда мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин «Кумтөрдөгү» коррупция ишине байлайныштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүн билдирди.

Ага ылайык, 29-июнда сот Сарпашевдин баш коргоо чарасын эч жакка кетпөө жөнүндө тил катка өзгөртүү чечимин кабыл алган. Аткаминер кармалгандан кийин УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан.

Соттон Сарпашев сотко чейинки отурум менен сот өндүрүшү аяктаганга чейин эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын шарты менен эркиндикте жүрөөрүн айтышты.

Тайырбек Сарпашев УКМК тарабынанан 18-июнда «Кумтөр иши» боюнча «коррупцияга» шектелип кармалган.

Анда атайын кызматтан Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги жана канадалык Centerra компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери аныкталганын айтышкан.

Сарпашевден тышкары «Кумтөр» иши боюнча бир катар саясатчылар дагы кармалган, анын ичинде мурдагы өкмөт башчылар Өмүрбек Бабанов менен Мухаммедкалый Абылгазиев кармалган — экөө тең УКМКнын тергөө изоляторунда.

Кармалгандардын арасында парламент депутаттары дагы бар. Алар: Төрөбай Зулпукаров, Талантбек Узакбаев, ошондой эле вице-премьер Алмазбек Баатырбеков, президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарымбаев жана мурдагы депутат Исхак Пирматов

Эч жакка кетпөө тил катынын негизинде «Кыргызпатенттин» башчысы Динара Молдошева бошотулган. Анын жашы жете элек балдары болгондуктан камакка алынган эмес.

Башкы прокуратура Кумтөр кенин казуу боюнча түзүлгөн келишимдин айланасындагы коррупция боюнча иликтөө башталганын 2021-жылы 21-майда билдирген.

Көзөмөл органынын маалыматына таянсак, 1992-жылдын 2019-жылга чейин жогорку кызмат адамдары жана «Кыргызалтындын» жетекчилиги «бийлик ыйгарымдарына ээлик кылып турганда» Канаданын «Камеко» жана Centerra Gold Inc компаниялары менен мыйзамсыз материалдык жана башка байлыкка ээ болуу максатында «мыйзамга жат жана туруктуу байланыш түзүп», «Кумтөр» кенин казууда Кыргызстан үчүн бир катар пайдасыз келишимдерге макулдугун беришкен.

«Камеко» жана Centerra Gold Inc компаниялары Кумтөр кенин Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн аймагында каза баштаган. Бирок кийин «Камеко» келишимден чыгып кеткен, ал эми Centerra Gold Inc кен казууну жалгыз уланткан.