«Кумтөр иши»: Мурдагы биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев кармалды

Тайырбек Сарпашев

УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрагасы, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 17-июнда «Кумтөр иши» боюнча «коррупцияга» шектелип кармалганын билдирди.

«Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатып канадалык Centerra компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш аракеттери аныкталды», — деп жазылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Ошондой эле, УКМК Сарпашев Кыргыз өкмөтүндө жооптуу кызматтарда туруп Centerraнын кызыкчылыгы үчүн мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга «тоскоолдук кылган» деп айыптап жатат.

Мындан сырткары, ал «кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп» Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган өзгөртүүлөрдү Суу кодексине киргизүү үчүн парламенттин кароосуна жибергени айтылды.

«Кумтөр иши»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Алардын бири «Кумтөр Голд Компани» ишканасы экологиялык талаптарды сактабаганы боюнча. Калган үч иш алтын казуучу компания менен келишимдерди түзгөн, салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон, ошондой эле «Кумтөр Голд Компаниге» чалгындоо жүргүзүү үчүн кошумча жер тилкелерди берген жогорку кызматтагы адамдарына карата козголгон.

Иштин алкагында экс-депутаттар, мурдагы өкмөт башчылар жана учурдагы депутаттар кармалып камакка алынды. УКМК төрагасы июнь айынын башында бул иш боюнча «айрым экс-президенттер да кармалышы мүмкүн» деп билдирген.