Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталды. Июндун соңку эки аптасында илдет жуктургандардын саны эки эседен ашык жогорулады. Өлкөдө калктын 2%га жетпегени гана эмделгенин эске алганда эпидемияны токтотуу мүмкүн эмес. Бирок адамдарды тезирээк эмдөөгө дагы болбойт, себеби өлкөдө вакцина жетишсиз.

Вакцинанын акыркы партиясы Орусиядан 17-июнда алынып келинген. Бул адам өмүрүн сактап калуучу үчүн жиберилген төртүнчү гуманитардык жардам. Кыргызстанда эмдөө кампаниясы башталганына үч ай болду, бирок азырынча жүз адамдын ичинен бир-экиси гана эмделди.

Үчүнчү толкун

2021-жылдын 15-июнунда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын жар салган. Ооруканаларда COVID-19 менен ооруган бейтаптарга кошумча койка орундуктар даярдалып жатат.Чындап эле, жыл башында коронавирустун жайылышы бир аз азайганы менен март айынан тартып илдет жуктургандарын саны өсө баштады. 2021-жылдын июнь айынан баштап күнүнө 1000ден ашуун учур катталып жатат. Соңку аптада ооруга чалдыккандардын саны күнүнө 927 адамга жетүүдө. Ага эпидемияга каршы чаралар жетиштүү түрдө сакталбай, адамдардын арасында карым-катнаш көбөйүп, эмдөө ыргагы жай болуп атканы негизги себеп.

Өзүңдү жана өзгөнү коронавирустан коргоо үчүн ДССУ этият болуу чараларын сактоону сунуштайт: беткап тагынуу, адам көп чогулган жерлерден алыс болуу жана социалдык аралыкты сактоо. Бирок өткөн жылдагы катаал карантин жана көрүлгөн чаралар акырындык менен жеңилдетилгенден кийин адамдар өзүн ого бетер кайдыгер алып жүрө башташты. Бишкектин кафе-ресторандары, базарлар адамдарга жык толгон, ал эми үлпөт жана башка тойлорго жүздөгөн киши барат. Коомдук транспорттордо беткапсыз кирүүгө болбойт деген эскертүүлөр чапталганы менен айдоочулар менен жүргүнчүлөр аларды көзгө да илбейт. Илдет жуктуруу коркунучу күндөн-күнгө өсүп жатат.

Эмделгенге эч нерсе жетпейт

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөсүнө караганда, вирустун жайылышын токтотуу үчүн дүйнөдөгү калктын 60-70%ын эмдөө керек. Бул белгилүү бир өлкөлөрдүн статистикасы менен тастыкталган.

2021-жылдын февраль айына карата Израилдин калкынын жарымы же 50%ы эмделген. Мындан улам коронавирус жуктургандардын саны кескин азайган. Бүгүнкү күндө өлкөдө калктын 64%ы эмделген, ал эми эпидемия дээрлик жоголгон: төрт ай аралыгында сутка ичинде ооруга чалдыккандардын саны 7300дөн 146 адамга кыскарган.

Германияда инфекциянын жайылуусу 2021-жылдын май айынан бери 50 эсеге азайган. Азыркы тапта, ал жакта калктын дээрлик 54% эмделген.

Үчүнчү толкунду токтотуу үчүн Кыргызстан эмдөөнү тездетиши керек. Бирок бүгүнкү күндө өлкөгө болгону 270 миң доза вакцина кирген — бул 135 миң адамды эмдөөгө гана жетет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 106,5 миң кыргызстандык вакцинанын биринчи дозасын алган — бул жалпы калктын 1,4%ы. 76,5 миң адам толук циклди алып бүткөн — аларга эки доза тең сайылган.

Аймактар арасында, вакцина алуу боюнча Бишкек жана Ош шаарлары алдыда келе жатат. Мында каклтын дээрлик 2,5%ы эмдөөдөн өткөн. Ош жана Баткен облустары эң артта — мында 1% азыраак адам вакцина алган.

Вакцинанын же алып келе албайбыз же сактай албайбыз

Кыргызстан — экономикасы артта калган өлкө, ал өз жарандарын акысыз вакцина менен камсыздай албайт. Өлкө ичинде вакцина чыгарылбайт, ал эми сырттан алып келүүгө бюджетте каражат жок. Мындай шартта донорлордун жардамына гана үмүт артууга туура келет.

Бирок чет өлкөлөр Кыргызстанга жардам катары берген вакциналардын партиясы дагы республикага кеч алынып келип жатат. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, 2021-жылдын май айында бийлик Кытайдын Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясын алып келе албай койгон. Буга «Пекин багытында же учак же авиакаттамдардын» жоктугу себеп болгон.

Өткөн жылы саламаттык сактоо министрлиги Европа бөлгөн вакцинадан баш тарткан — ага өлкөдө вакцинаны сактоочу муздаткычтардын жоктугу себеп болгон. Азыр керектүү температуралык режим сакталып турат, бирок үстүбүздөгү жылдын апрель айында Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын 900гө жакын дозасы муздаткыч өчүп калгандыктан эрип кеткен. Анда Бейшеналиев жууп-тазалаган жумушчу кокустан муздаткычты өчүрүп алган деп түшүндүргөн. Ал вакцина сатылып кеткен, кийин аны эсептен чыгарып коюшкан делген версияны мойнуна алган эмес.

Вакцина алуу ойлогондон алда канча оңой

Азыр Кыргызстанда ким кааласа Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын Sputnik V вакцинасы менен эмделсе болот. Орус вакцинасы мурда пенсия курагындагыларга гана сайылып жаткан, азыр андай чектөө жок.

Эки вакцина тең сыноо учурунда таасири жогору экенин көрсөткөн. Sinopharm’дын таасирдүүлүгү 79%ды түзгөн, ал эми Sputnik V — 90%дан жогору. Sinopharm Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан, ал эми Sputnik V үчүнчү фазанын бери дегенде 6 сыноосунан өтүп, 60тан ашуун өлкө тарабынан жактырылган. Азыр вакцинанын Европа биримдигинин стандарттарына шайкештиги текшерилип жатат.

Жакында Кыргызстанга дагы 150 миң доза Sinopharm жана 400 миң доза англо-шведдик вакцина AstraZeneca’нын алынып келиниши күтүлүүдө. AstraZeneca вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Европанын дары-дармек агенттиги тарабынан жактырылган. Өндүрүүчүнүн айтымы боюнча, вакцина коронавирустан 79%га, ал эми ооруканага жаткыруу менен коштолгон оор түрүнөн 100%га коргойт.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдон өтүү жөнөкөй. Эмдөө пункттары өлкө боюнча иштеп жатат, толук тизме менен бул жерден таанышса болот.

Вакцина алам деген адам каттоодо турган жерине карабай, каалаган эмдөө пунктуна келсе болот. Жанында паспорту гана болууга тийиш. Эмдөөдөн мурда кароо жүргүзүлүп, адамдын дене табы жана кан басымы текшерилет, андан соң — салынган вакцинанын аталышы жана экинчи доза алуу үчүн келүүчү күн жазылган дүмүрчөк берилет.

Материалды даярдагандар: Зарина Жолдошова, Мундузбек Калыков, Аэлита Максатбекова,