«Телефон кубатташкан». Спутник V сакталган муздаткыч эмне себептен өчкөнү боюнча версиялар

Спутник V вакцинасынын миңге чукул дозасы апрелдин аягында эле жараксыз болуп калганы белгилүү болду. Вакциналар Бишкектеги №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунда сакталып турган, окуядан кийин аталган поликлиниканын беш кызматкерине сөгүш жарыяланган.

Түз эфирде уу коргошун ичип атагы чыккан саламаттык сактоо министри муздаткычтагы миңдеген вакцинанын эрип кетиши боюнча өз версиясын айтты. Буга чейин «муздаткыч эмнегедир токтон суурулуп калганы» айтылган болчу.

Алымкадыр Бейшеналиевдин алдын ала маалыматына таянсак, буга «тазалык кызматкери күнөөлүү», ал пол жууп жатканда байкабастан розеткага тийип, вакцина салынган муздаткычты өчүрүп алган деген версия бар.

«Эгерде кызматкерлердин бири, тазалоочу айым же дагы башка бирөө күнөөлүү болуп чыкса, анда ҮМБ бардык материалдык чыгымдарды тартат. Башка жагынан алып караганда, бул гуманитардык жардам, ошондуктан вакцинанын ордун канткенде акчалай тургузабыз деп ойлонуп жатабыз», — деген буга чейин саламаттык сактоо министри.

Ал эми иммунопрафилактика борборунда башка версия айтылды — белгисиз бирөө телефонун кубаттайм деп барып вакциналар салынган муздаткычты сууруп салган.

«Спутник V» вакцинасы -18…-25 температурада сакталат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөгө бул вакцинанын 20 миң дозасы алынып келинген. Анын ичинен Бишкек шаарына 6 миң 800 дозасы бөлүнгөн. Ушундай эле сандагы «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясын Кыргызстан 22-апрелде алган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан препараттын жалпы миллион дозасын алып келүүнү тапшырган. Анын ичинен 500 миңи гуманитардык жардам катары келмек. Муздаткыч өчүп калгандыктан болжол менен 930 - 994 вакцинанын дозасы жарактан чыккан — аткаминерлер ар кандай санды айтышууда.

Кыргызстанда жарандарды эмдөө апрель айынын аягында башталган. Азыр жарандарга вакцинанын эки түрү жеткиликтүү — Кытайдан келген Sinopharm жана орусиянын «Спутник V» препараты.

Орусиянын вакцинасын 65 жаштан жогору же өнөкөт оорусу бар кыргызстандыктар гана алса болот. Айтылбаган себептер менен бул вакцинаны 49 жаштагы Бишкектин экс-мэри Азис Суракматов жана 61 жаштагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова алган.