Бир кадр менен: Ысык-Көл облусунда суу жетпей күйүп кеткен эгин талаасы

Сүрөт: Turmush

Ысык-Көл облусунун дыйкандары күндүн ысыгы менен кургакчылыктан чыгым тартышты. «Турмуш» басылмасынын маалыматына ылайык, Ак-Суу районунда эле 5 миң гектардан ашык аянттагы дан эгини күйүп кеткен.

Кара-Жал, Тепке, Каракол, Отрадный, Челпек жана Бөрү-Баш айыл аймактары жабыркап, алардын эккен буудай жана арпалары күйүп кеткен. Учурда атайын комиссия айыл чарба министрлигине маалымат берүү үчүн зыяндын өлчөмүн эсептеп жатат.

Кыргызстандагы кургакчылык

Борбор Азияны аномалдуу ысык каптап, суу тартыш боло баштагандан тартып Чүй облусунун дыйкандары кургакчылыкка даттана башташкан. Алардын маалыматына ылайык, июнь айынын башында эле фермерлер 100 гектар айдоо аянтынын 6 миңге жакыны кургап калган.

«Бул маселе чечилбесе түшүмдүн 60% тек гана күйүп кетет. Маселе өтө курч. Адамдар бир күн кечке айтып бүтө алгыс көйгөйдү жазып жатышат. Айрым каналдарда суу андан ары кетиш үчүн 2-3 күнгө чейин сууну жаап коюшууда, бул аябай көп да», — деп айтып берген өлкөнүн Жүгөрүчүлөр ассоциациясынын өкүлү Виталий Какштыкс.

Андан кийин бийликти кургакчылык маселесине көңүл бурдуртуу үчүн Чүй облусунун 300гө чукул дыйканы митингге чыккан. Алар бул чыгымдарга эле эмес, Бишкекти азык-түлүк менен камсыздоого кедергисин тийгизээрин билдиришкен.

Мындан тышкары, дыйкандар өлкө бийлиги сууну Казакстан менен Өзбекстанга коё берип жатканына нааразы болушкан. «Электр станциялар» ишканасы Казакстан жана Өзбекстандан 1650 кВт/саат электр энергиясын алуу келишими боюнча суу агызылып жатканын айтып жооп берген. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.

Компания төмөндөгүдөй түшүндүрмө берген: электрэнергиясы менен камсыздоо тууралуу макулдашууларга «Токтогул суу сактагычындагы суу ресурсун сактап калуу, калкты жана өлкөнүн экономикасынын тармактарын үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздоо, 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү» максатында март айында эле кол коюлган.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдибай Жайлобаев «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде Чүй облусунда түнкүсүн суу кампалары жабылып, Жайыл жана Панфилов райондоруна суу берилерин айткан болчу.

Бирок бул чара деле маселени чечкен эмес — айдоо аянттарындагы эгиндин бир бөлүгү күйүп кеткен, чыгымдын такталган суммасы айтыла элек. Андан тышкары, Панфилов району айдоо аянттарынын жок дегенде жарым-жартылай сактап калуу үчүн сугатка агын сууларды пайдалана баштаган.

Чүй облусунда суу тартыштыгынан улам абал ордуна келгенге чейин ӨК режимин киргизген. ӨКМ дээрлик күн сайын өрт өчүрүүлөргө барып жатат — айдоо талалаалары, кургак чөптөр, камыштар жана айыл чарба аянттарынан чогултулган жем чөптөрү өрттөнүүдө.

Кыргызстандын түштүгүндө дагы суу тартыштыгы бар. Буга байланыштуу Ош облусунда жем чөптөрү өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе кымбаттап кеткен.