Өлкөдө коронавирустун 1 485 жаңы учуру катталып, 10 киши көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 2-июлда өлкөдө коронавирустун 1 485 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 923;

Чүй облусунда — 165;

Ош облусунда — 109;

Жалал-Абад облусунда — 91;

Баткен облусунда — 80;

Ысык-Көл облусунда — 38;

Ош шаарында — 33;

Нарын облусунда — 24;

Талас облусунда — 22.

Ошондой эле өткөн суткада 571 бейтап айыгып, 10 бейтап каза болду — алардын алтоо Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда, Жалал-Абад жана Талас облустарында бирден.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 127 880ге жетти. Оорудан 111 269 бейтап айыгып, 2 019 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 3 961 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат. Мындан сырткары 9 815 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.