Парламент депутаттары «Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 30 жылдыгына байланыштуу амнистия жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Документ Жогорку Кеңештин сайтына коюлду.
Эгерде мыйзам долбооруна кол коюлса, 4 миңдан ашык адамга мунапыс берилет.
Кимдер эркиндикке чыгат?
Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынып, мунапыс жарыяланса оор эмес жана оор кылмыш үчүн соттолгондор эркиндикке чыгат:
- 60 жаштан жогорку курактагы эркектерди жана ошондой эле 55 жаштан жогорку курактагы аялдарды;
- I жана II топтогу майыптуулугу болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды;
- экиден кем эмес жашы жетпеген балдары же I жана II топтогу майыптуулугу болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары болгон, үй-бүлѳнү жалгыз багуучу адамдарды;
- анча оор эмес кылмышты биринчи жолу жасаган жактарды;
- ушул Мыйзам күчүнѳ кирген күнү жазасынын ѳтѳлбѳгѳн бѳлүгү бир жылдан кем убакытты түзгѳн аялдарды жана жашы жетпегендерди.
Мунапыстын бул түрү өтө оор кылмыш жасагандарга жайылтылбайт.
Кимдердин абак мөөнөтү кыскарат?
Депутаттар «Мунапыстын негиздери жана анын колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамга таянып, бир катар кыргызстандыктардын жазасы өтөлбөгөн мөөнөтүн кыскартууну сунушташууда.
Төмөнкү кылмыштардын мөөнөтү кыскартылат:
- анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгондорго — жазанын ѳтѳлбѳгѳн мѳѳнѳтүн 1/2ге;
- оор кылмыш үчүн соттолгондорго — жазанын ѳтѳлбѳгѳн мѳѳнѳтүн 1/3ге;
- ѳзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондордун — жазанын ѳтѳлбѳгѳн мѳѳнѳтүн 1/34кѳ.
Бирок, амнистия бардыгына тиешелүү эмес — бул категорияга кирбегендери да бар.
«Мунапыс жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөн кылмыштын айрым түрлөрү боюнча айыпталгандарга, соттолуучуларга жана соттолгондорго карата мыйзам долбоору колдонулбайт», — деп белгилешкен депутаттар маалымкат-негиздемеде.
Кеп мунапыс тууралуу мыйзамдын 6 жана 7-беренесинде жазылган учурлар тууралуу болууда. Мисалы, өмүр бою кесилгендер, андан тышкары, кыйноо, терроризм жана жашы жете электреди зордуктоо үчүн соттолгондор мунапыска илинбейт. Мунапыска илинбей тургандардын тизмесин кеңири бул жерден окуңуз.
Мындан тышкары, «мыйзамдын аракети сот тарабынан эркиндигинен ажыратылып, бирок издөөдө жүргөндөргө колдонулбайт».
Садыр Жапаров келгенден кийин жарыяланган мунапыс жана ырайымдар
Кыргызстан 2020-жылдын октябрынан тартып бийлик алмашкан соң бир жолу мунапыс жүргүзүп, президенттин жарлыгы менен эки ири ырайым жарыялады. Октябрдын башында президенттин жана президенттин м.а. Садыр Жапаров абакта камактагылардын санын азайтуу керектигин билдирген.
Ал абакта отурган көп жылдык тажрыйбасына таянып, соттолгондордун көбү ал жерде адилетсиз* отурат деп билдирген.
«Эгер, мисалы, ал жакта 5 миң адам камакта отурган болсо, 2 миңи — күнөөсү жоктор. Алардын арасында чиновниктердин, байлардын балдары жок, бүт карапайым үй-бүлөдөн чыккандар. Көбүн иш жабыш үчүн эле камашат. Жыйынтык көрсөтүш үчүн. Эгерде алар ырайым сурап кайрылышса, анда алар бошотулат. Биз аларды бошотобуз», — деп убада кылган Садыр Жапаров 12-ноябрда басма сөз жыйында.
*Кийин президент болгондон кийин, Садыр Жапаров оруссиялык «Коммерсант» басылмасына алгачкы жолу кеңири маек куруп, революция жасап, өлкөдө бийликти алмаштырууга көбүнчө мурда соттолгондор көмөтөшкөнүн айтып берген.
«Мен абакта отурган 3,5 жылдын ичинде жөнөкөй жарандарга гана жардам берип келгем, кылмышкерлерге жардам берген эмесмин.
Мага кайрылган 100дөн ашык адам мен абакта жатканда бошонуп чыкты. Алар мага иштеп башташты, мен тууралуу маалымат таратып, жакшы адам экенимди жайылтышты. Мен чыккан кезде баары митингге келип, колдоп беришти», — деп белгилеген ал.
Ал эми 18-ноябрда ЖАМК басма сөз кызматы президенттин алдындагы Ырайым берүү катчылыгына ырайым сураган 1800 өтүнүч келип түшкөнүн билдирген. Анын ичинен 268и канааттандырылган.
«Бүгүнкү күндө, президенттин м.а. Жапаровдун ырайым берүү жөнүндө буйругуна ылайык, жаза өтөө жайларынан 230 адам бошотулган, 38 соттолуучунун мөөнөтү кыскарган. Азыркы убакта бул багыттагы иштер уланууда, жакында башка өтүнүчтөр боюнча чечимдердин келишин күтүп жатабыз», — деп белгилешкен ЖАМКдан.
Кийин, 2021-жылдын 25-мартында ЖАМК 2021-жылга карата Жапаровго 1378 өтүнүч келип түшкөнүн кабарлаган. Анын ичинен 245и канааттандырылган.
«[…] Президенттин 18.02.2021-жылдагы “Соттолгондорго ырайым берүү жөнүндөгү” жарлыгына ылайык, 245 соттолгон адамга ырайым берилди (алардын ичинен 89у бошотулду, 156 адамдын жазанын өтөлбөгөн мөөнөтү кыскартылды)», — деп билдирген ЖАМК.
Ведомство1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата дагы 975 соттолуучуга карата мунапыс колдонулганын айткан. Анын ичинен 82 адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, дагы 895 кишинин жаза өтөө мөөнөтү кыскартылган.
Ырайым жана мунапыс берүү жөнүндөгү жарлыктар менен утурлай эле өлкөдө кылмыштардын саны өскөн. Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, 2021-жылы биринчи кварталда өткөн 2020-жылга салыштырмалуу кылмыштын саны 31%га өскөн, жоруктардын саны 10%га көбөйгөн.
Инсандыкка каршы кылмыштадын саны 23%га көбөйгөн, өлтүрүү 21%га өскөн, ал эми зордуктоо 17%га көп боло баштаган. Кылмыштардын саны баарына салыштырмалуу Ысык-Көл облусунда катталган — 2,6 эсе, ал эми Нарын жана Ош облустарында — бир жарым эсе.
Улуттук статкомдун маалыматына караганда, шектүүлөрдүн дээрлик жарымы жумушсуз болгон. Алардын арасында Садыр Жапаровдун жарлыгы жана мунапыс аркылуу бошотулганы болгон-болбогону белгисиз.
Акыркы айлардагы кылмыштуулуктун өсүшү абактагылардын кескин бошотулушу менен байланыштуу болушу мүмкүнбү деген маселе парламентте мурда да көтөрүлгөн. Атап айтканда, депутат Жанар Акаев суроо салган.
«Президент акыркы убакта жүздөгөн адамга ырайым берип бошотту. Түрмөдөн кимдер чыгып жатат? Алар ким экенин аныктоо керек. Ырайым берүү болгон, ага чейин мунапыс берилген. Миңге жакын адам эркиндикке чыкты. Алар андан ары кылмыш кылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт», — деп белгилеген депутат.
Бирок парламент эс алууга кеткенге чейин бул маселе кенен талкууланган эмес.