Депутаттар Израилге элчи болуп дайындалган Өмүралиевдин ишин сынга алды

Депутат Айбек Осмонов 5-июлдагы Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Израилге элчи болуп дайындалышына каршы чыкты.

Анын айтымында, Өмүралиев Түркияда элчи болуп турганда милдетин аткара алган эмес.

«Эмне кереги бар ага дагы кошумча ыйгарым укук берүүнүн?» — деп кызыкты Осмонов.

Тышкы иштер министринин орун басары Өмүралиевдин ишмердүүлүгү менен депутаттар Жогорку Кеңешке отчёт берүүгө келгенде таанышса болорун айтты.

Дагы бир депутат, Шайлообек Атазов Өмүралиев 2019-жылдан бери Түркияда элчи экенин, бирок бүгүнкү күнгө чейин түрк тилин үйрөнбөгөнүн жана өлкөгө эч кандай инвестиция тартпаганын билдирди.

Өмүралиевдин ишине ичи чыкпай жаткан эки депутат июнь айынын аягында Түркияда «Жибек Жолундагы жылдын алтын адамдары» сыйлыгынын «Жылдын депутаты» наамына татыган. Анан калса, Атазов дагы, Осмонов дагы парламентте үч айга жакын гана убакыт депутат болушкан.

Бул «Сапат» мектептер тармагынын президенти Орхан Инанды изделип жаткан шартта болгон. Ошол эле күнү кечинде, 5-июлда, аны Түркиянын чалгындоо кызматы уурдап чыгарып кеткени белгилүү болгон.

Тема боюнча: Эрдоган Түркиянын атайын кызматы кыргыз жараны Орхан Инандыны уурдап кетишкенин билдирди

Өмүралиев деген ким?

Кубанычбек Өмүралиев жана Түркиянын энергетика министри Фатих Донмез.

Президенттин буйругу менен Кубанычбек Өмүралиев 2-июлда Кыргызстандын Израилдеги дагы элчиси болуп дайындалган. Ушул тапта ал Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалайт. Бул кызматка ал 2019-жылдын 2-мартында Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган.

Дипломат 1999-2003-жылдары Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигинин кеңешчи-өкүл элчиси болгон. Андан кийин үч жыл Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги Башкы консулдук кызматты аркалаган.

Андан соң, Өмүралиев төрт жыл бою Кыргызстандын Белорустагы элчиси болгон жана бир эле учурда КМШ өлкөлөрүнө караштуу Уставдык органдарда Кыргызстандын өкүлү болуп жүргөн. Андан тышкары, 2019-жылга чейин Эстония, Латвия, Литва өлкөлөрүнүн элчиси болгон.