«Жылдын алтын адамдары». Депутаттар Атазов менен Осмонов Түркияда сыйланды

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов фейсбук барагында кесиптеши Айбек Осмонов экөө Түркияда «Жылдын алтын адамдары» сыйлыгын алышканын жазды.

Атазовдун айтымында, «Жибек Жолундагы жылдын алтын адамдары» сыйлыгынын 17-мааракесинде алар «Жылдын депутаты» наамы менен сыйланышкан.

Эл өкүлүнүн айтымында, иш чараны Дипломатия жана экономикалык өнүгүү боюнча Жибек Жолу уюму, профессор Сейфуллах Түрксойдун баштоосу менен Стамбулда өткөргөн.

«Кийинки сапарыбыз Анкара шаарында депутаттар менен уланат. Мамлекетибизге ийгиликтүү инвесторлорду тартканга сүйлөшүүлөр болуп жатат. Аруу ниет тилектерди кылып, аракет кылсак, баары жакшы болот», — деп жазды Атазов.

Ошол эле учурда Атазов менен Осмоновдун парламентке келип иштеп баштаганына үч айдын жүзү гана болду, бул убакыт аралыгында алар кызыктай болгон жорук жана демилгелери менен эсте калды.

Шайлообек Атазов деген ким?

Шайлообек Атазов парламентке 2021-жылдын март айында гана депутат болуп келген. Бирок бир катар жаңжалдар жана кызыктуу пикири менен элге танылганга үлгүргөн.

Мисалга, Шайлообек Атазов 11-мартта парламенттин отурумунда Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдар «улуттук баалуулуктарды тебелеп, кыргыз мамлекетин жок кылышы мүмкүн» деп билдирген.

Ал эми 19-июнда эл өкүлү социалдык тармактардагы фектерге каршы арызданып, «тактабаган маалымат таратуу — жакын адамдын этин жегенге барабар» деп айткан.

Кийин, 23-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарынын ортосунда чыр чыккан. Анда Атазов депутат Айсулуу Мамашевага жулунуп, парламенттин дагы бир депутаты арачага түшкөн.

Кийинчерээк Атазов баары башкача болгонун, чындыгында ал башка партиялаштары менен талашып-тартышканын, ал эми Мамашева аларды арачалоого аракет кылган деп айткан.

«Кече күнү парламентте биз урушуп жаткандай видео болуп калыптыр. Бул жерде Айсулуу Турусбековнанын артына бекинген депутаттар менен пикир келишбестик болуп кеткен. Ошол учурда бөлүштүрүү максатта мага келип, колун булгап сүйлөп жаткан учуру видеого түшүптүр», — деп жазган ал.

Ошондой эле, ал бейөкмөт уюмдар аны каралоого аракет кылууда деген ойдо — бирок ал баарына жага тургандай «доллар» эмес.

Андан тышкары, Атазов бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташы катары белгилүү. Ал 19-февралда Матраимовду коргоо боюнча митингде сөз сүйлөгөн.

Айбек Осмонов деген ким?

Айбек Осмонов Жогорку Кеңешке үстүбүздөгү жылдын 15-мартында депутат болуп келген. Ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү жана бизнесмен катары дагы белгилүү.

Ал мурда бир тууганы Нурбек Осмонов бирге «Каганат Инвест» холдингине ээлик кылган. Бул холдингдин ичинде «Ихлас» («Кыргыз Каганат») курулуш компаниясы, Оштогу электромобил чыгаруучу «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз Текстиль ЛТД» бар.

Айбек Осмонов 6-май күнү депутаттар менен бирге 11-апрелде Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылган.

Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 11-июлда өтө турган кайра шайлоого Осмонов өзүнүн «Биздин Кыргызстан» партиясынын талапкерлигин көрсөттү.

Айбек Осмонов парламенттин 11-майдагы жыйынында Кыргызстандын ЖККУдагы мүчөлүгүн кайра карап чыгуу маселесин демилгесин көтөрүп, «башка уюмга мүчө болуу» сунушу менен дагы эсте калган. Бирок кайсыл уюмга мүчө болууну ачык айткан эмес.


Андан тышкары, 18-июнда Осмонов жол кыймылынын эреже бузууларын каттаган «Коопсуз шаар» системасынын алкагында чиновниктердин айып пулу кечирилгенин билдирген.