Массалык өчүрүү болбойт, жаңы тарифтер 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет — энергетика министрлиги

Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин өкүлдөрү 6-июлда Sputnik Кыргызстан агенттигинин басма сөз борборунда маалымат жыйын өткөрүштү. Анда электр энергиясына болгон жаңы тариф тууралуу сөз болду. Алар келе жаткан жылытуу сезонунда массалык өчүрүүлөр болбостугун айтышты.

Жаңы тарифтер тууралуу

Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикттин директорунун орун басары Миргүл Айдарованын айтымында, энергетика министрлиги жаңы тарифтерди 1-августтан киргизүүнү пландаган, бирок кийин 1-сентябрга жылдырган.

«Биз бүгүнкү күндө кичине кечигип жатабыз. Эгерде 15-июлда коомдук талкуу аяктаса, бизге аны өкмөткө киргизүү, бардык министрлик жана ведомстволор менен макулдашуу үчүн толук бир ай убакыт керек. Ошондо болжол менен 15-августта министрлер кабинетинин токтомун алып калабыз. Мындай эле, арткы күн менен киргизе албайбыз, 1-сентябрдан тартып киргизүүнү пландап жатабыз [тарифти жогорулатууну]»,  — деп билдирди ал.

Массалык өчүрүүлөр болбойт

Энергетика министрлигинин Электроэнергетика башкармалыгынын башчысы Марат Жээнбеков басма сөз жыйындын жүрүшүндө келе жаткан жылытуу сезонунда массалык өчүрүү болбойт деп убада берди, бирок ага карабай жылытууда электр энергиясын азыраак колдонууга чакырды.

«Биз гидроэлектростанцияларды болушунча иштетебиз, андыктан массалык өчүрүүлөр болбойт. Анын үстүнө ЖЭБ максималдуу кубаттуулукта болот. Ал тургай жай мезгилинде Бишкек ЖЭБди 160-180 мегаватт саатка жүктөдүк, мындай эч убакта болгон эмес. Биз жайында 50-60 мегаватт гана колдончубуз», — деди ал.

Жээнбековдун айтымында, электр энергиясынын тартыштыгынан бул жылы коңшу мамлекеттер менен келишимдерге кол коюлган. Ал макулдашуулардын алкагында Кыргызстанга болжол менен 1.65 млрд кВт/саат электр энергия келет.

Казактсан 900 млн кВт/саат, Өзбекстан — 750 млн кВт/саат электр энергиясын берет. Жээнбеков белгилегендей, бул импорт же сатып алуу эмес, «товар алмашуунун негизинде ресурс менен камсыздоо».

«Энергересурсту биз 2021-жылы, 2022-жылдын биринчи кварталында алабыз. 2022-2023-жылдары кайтарып беребиз. Биздин божомол боюнча, 2022-жылдан тартып Кыргызстанда суунун көлөмү көбөйөт, демек бизде электр энергиясын төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот», — дейт ал.

Аткаминер жылытуу сезонуна даярдыктын алкагында ГЭС, ЖЭБ, подстанция, электр өткөргүч линияларында жана агрегаттарда энергокомпаниялар тарабынан башталган оңдоп-түздөө иштери да жүрүп жатканын айтып берди.

Электр энергиясы үчүн тарифтер

Учурда катардагы абоненттер эгерде айына 700 кВт/саатка чейин колдонсо 1 кВт/сааты үчүн 77 тыйындан төлөшөт. Бул чектөөдөн ашкандан кийин ар бир киловатт үчүн алар 2 сом 16 тыйындан төлөшөт.

Бирок бийлик электр энергиясына болгон тарифти өзгөрткүсү келет. 15-июнда энергетика министрлиги өлкөдө электр энергиясынын, жылуулуктун жана ысык суунун тарифин көтөрүүнү сунуштаган.

Калк үчүн тарифтерди «электр энергиясы үчүн эсептерге төлөөдө калктын күтүлбөгөн экономикалык кыйынчылыктарга туш болуусун болтурбоо максатында» акырындык менен көтөрүү сунушталууда.

Калк үчүн 1 сом 9 тыйын өлчөмүндөгү бирдиктүү тариф орнотуу мерчемделүүдө. Ошол эле мезгилде, бийик тоолу аймакта жашаган элдер үчүн кышкы дагы, жайкы мезгилде дагы чектөөлөр болбойт. Суу тартыштыгына байланыштуу калктын негизги катмарына кыш мезгилинде 1000 кВт/ саат лимит коюу сунушу айтылган.

Ал эми 2023-жылы калк үчүн тарифти 1,48 сомго чейин көтөрүү сунушталып жатат. Андан ары тариф инфляцияга жараша тизгинделет.

Бирок бир катар депутаттар министрлер кабинетинин төрагасына август айына мерчемделген тарифтерди көтөрүүнү ишин жылдыра тууруну сунуштап кайрылышкан. Улукбек Мариповдун дарегине жолдонгон он депутаттын кайрылуусунда тарифтерди көтөрүү «социалдык жарылууга жана ири ишканадардын жабылуусуна алып келиши» мүмкүндүгү айтылат. Азырынча Марипов кайрылууга жооп бере элек.