Депутаттар электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү артка жылдырууга чакырат

Депутат Дастан Бекешев фейсбук барагына министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго электр энергия менен жылуулук үчүн тарифти жогорулатууну убактылуу токтотуу тууралуу кайрылуусун жарыялады.

«Жумушсуздук, инфляция, кургакчылык, коронавирус, капитал сыртка агылып, жакырчылыктын деңгээли өсүп жатат, а бул жакта электр жарыгы менен жылуулуктун тарифин көтөрүүнү көздөп жатышат», — деп жазган Бекешев.

Бекешев жана дагы тогуз депутаттын Мариповго кайрылуусунда тарифтерди жогорулатуу «социалдык жарылууга жана ири өндүрүш ишканаларынын жабылуусуна» алып келиши мүмкүн экени айтылган.

«Тарифтерди жогорулатуу социалдык-экономикалык чөйрөдөгү бир катар негативдүү процесстер менен катар келгенин эске алуу керек: инфляциянын өсүшү, азык-түлүккө болгон баалардын кескин кымбатташы, жумуш орундарынын кыскарышы жана коронавирустун кесепеттери», — деп айтылат кайрылууда.

Парламентарийлер мындан тышкары министрлер кабинети электр энергиясы, жылытуу үчүн тариф саясаты боюнча эксперттер, бизнес өкүлдөрү жана жарандар менен талкуу өткөрүшү керек деп эсептешет.

Ошондой эле, министрлер кабинетинен электр жана жылытуу тармагындагы сарптоолорду кыскартууну суранышкан.

Тарифтерди көтөрүү жана энергокризис

2020-жылы Кыргызстан Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Казакстандан электр энергиясын сатып алууга аргасыз болгон.

Бийлик электр энергиясын пайдалануу боюнча элге чектөө киргизбесин убада кылган. Бийлик суу сактагычта суу жетишсиз болуп атканын бир нече жылга улана турган суу тартыштыгы менен байланыштырган.

Бирок, 2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашып, суук түшкөндө жарык баары бир деле өчүрүлөрү белгилүү болгон: алгач электртутумуна болгон жүктөмдүн көптүгүнөн автоматтык түрдө жарык өчүп турган. Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөп, үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонууга чакырган.

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү аздыгына байланыштуу тарифтерди көтөрүү маселесин алгачкылардан болуп Садыр Жапаров айтып чыккан. Кийин ал тарифтик сетканын өзүн да сунуштаган.

Кийин бийлик жылытуу үчүн дагы тарифти көтөрүү сунушун айтып чыккан. Ага ылайык быйыл жылытууга болгон тариф 25%га, 2022-жылы 10%га жогорулайт. Ушундай эле жогорулатуу ысык суу үчүн да сунушталган — быйыл жана келерки жылы 25%га, ал эми 2023-жылы 8%га көбөйтүү тууралуу сөз болгон.

2021-жылдын жазында Кыргызстан кризистен чыгуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен 2022-жылдын жаз айларана чейин 1650 кВт/саат электр энергиясын камсыздоо тууралуу макулдашууга кол койгон. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.

Алгачкы агызуулар 1-июнда башталган. Ошол эле мезгилде, фермерлер жана айыл-чарба министрлиги өлкө кургакчылыктын чегине жетип калганын, Чүй облусунда түшүмдөн кол жууп калуу коркунучу пайда болгонун айтышууда. Суу жетишсиздигинен улам Бишкек шаарында дагы сугат суусунун тартыштыгы жаралган.

16-июнда энергетика министри Доскул Бекмурзаев эгерде позитивдүү ой жүгүртсө Кыргызстанда энергетикалык кризис болбойт деп билдирген.

Бирок министрдин жогорудагы сөзүнөн көп өтпөй кыргызстандыктар «Түндүкэлектр» жана «Чыгышэлектр» ишканаларынан электр энергиясын үй жылытууга жана «башка термикалык процесстер» үчүн колдонууга толугу менен тыюу салуу киргизилип жатканы тууралуу кат жүзүндө билдирме ала башташкан.

«Түндүкэлектр» ишканасынан бул аргасыз чара экенин, ал күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясына таңкыстык жаралган учурда гана колдонулаарын билдиришкен.